Биринчи таймдын 44-мүнөтүндө Кыргызстандын коргоочусу Валерий Кичин гол киргизсе, кийинки топту экинчи бөлүктө Мирлан Мырзаев атаандашынын дарбазасына кадады.
Бул жолдоштук беттеш Эгемендиктин 25 жылдыгына карата уюштурулган.
Кыргыз футболчуларынын жеңиши
Кыргыз футболчулары буга чейин Казакстанды бир да жолу уткан эмес. Эки жолу тең ойносо, беш жолу утулган.
26.09.1992. Бишкек. Кыргызстан - Казакстан 1:1
25.10.1992. Кызылордо. Казакстан - Кыргызстан 2:0
17.04.1994. Ташкен (Өзбекстан). Кыргызстан -Казакстан 0:0
05.07.2006. Алматы. Казакстан - Кыргызстан 1:0
07.03.2007. Чимкент. Казахстан - Кыргызстан 2:0
01.06.2012. Алматы. Казакстан - Кыргызстан 5:2
05.09.2014. Астана. Казакстан - Кыргызстан 7:1.
30.08.2016. Бишкек Кыргызстан - Казакстан 2:0
-
Бексултан Абибакир уулу
"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
-
Улан Асаналиев
"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.