"Көп сырдын бетин ачмак"
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Кабар" мамлекеттик агенттигине курган маегинде бийликтен куулган мурдагы президент, сыртынан 30 жылга соттолгон Курманбек Бакиевди мекенине алып келип, суракка алуу керек экенин айткан. Ал "Бакиев келсе көп сырдын бети ачылмак" деп эсептейт:
“Биринчиден, Беларустун президенти так жана кескин эле айтты “мен өткөрүп бербейм” деп. Экинчиден, Курманбек Бакиевдин өзүнүн деле эчкинин жашындай өмүрү калды. Бирок анын жоопкерчилигинде 7-апрель окуясында каза болгондордун жүгү турат. Ал боюнча кылмыш иши козголгон. Демек, Кыргызстанга келсе, укук коргоо органдары тарабынан камалары анык. Бирок, 7-апрель окуясына жеке эле Бакиев эмес, Убактылуу өкмөттүн да жоопкерчилиги бар экенин жашырбай айтыш керек. Ошол окуяда атылган ок алдынан эмес, артынан тийип каза болгондор боюнча суроолор бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз калууда. Аларды түз эле Атамбаев аттырды деп айтуудан алысмын, бирок ошол Форумдан курал-жарак менен келгенин элдин баары билет”.
Абыкеев Бакиевди алып келүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы экенин айтып, Атамбаевдин да Бакиевден олуттуу айырмасы жок деген оюн кошумчалаган. Ал буга мисал катары Кой-Таш окуясындагы жабыр тарткандарды келтирген.
Мамлекет башчынын кеңешчисинин "Кабар" агенттигине бул маеги мамлекеттик телеканалдар аркылуу да кеңири чагылдырылды.
Абыкеевин соңку маеги Кыргызстанда Курманбек Бакиевдин маселесине Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко кайрылган учурга туш келди. Өткөн аптада ЖККУнун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келип кеткен Лукашенко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербесин, ал Беларуста жакшы жашап жатканын айткан эле. Бирок Александр Лукашенко мурдагы президенттин ымандай сыры боюнча кыргыз бийлиги менен сүйлөшөрүн билдирген:
"Бакиев жакшы жашап жатат. Биз аны силерге коё бербейбиз. Мен ага “эч жакка чыкпай Беларуста эле жашай бер” деп айттым. Жакшы жашап жатат. Кээде ал мени чакырганда конокко барып турам. Ошондуктан биз аны бербейбиз. Ал мага “жок дегенде атамдын мүрзөсүнө барып келсем” деп айтат. Кыргыздар өзүнүн президентине атасынын мүрзөсүнө баруусуна мүмкүнчүлүк бербегени акылга сыйбаган нерсе. Бул маселени азыркы өлкө жетекчилиги менен чечебиз деп ойлойм".
Кыргыз президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лукашенконун бул жолку Бишкек сапарындагы сүйлөшүүлөрдө Бакиев маселеси тууралуу сөз болбогонун айткан.
"Мекенине келе албай жүргөнү - Бакиев үчүн эң оор жаза"
Ошентсе да, өлкө башчы кеңешчисинин элдик толкундоонун аркасы менен бийликтен кулатылып, оор күнөөлөр боюнча соттолгон мурдагы президенттин маселесин эч бир себепсиз эле козгогону көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты.
2010-жылы 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында уулу окко учкан Нурия Айдабосунова "Мекен шейиттери" коомун жетектейт. Ал Бакиевдердин мекенине келе албай жатканы алар үчүн чоң жаза болду деп белгиледи.
"Эмне үчүн улам эле Бакиевдерди алып келүү жөнүндө сөз чыгарып жатышат? Анткени ал Беларуста тынч отура албай калды, эң чоң жаза ушул - мекенине, беларус президенти айткандай, атасынын, башка туугандарынын бейитине келе албай, ата-жотосу барбаган жерде калды. Эми улам аны алып келүү маселесин козгоп, биздин - балдарын жоготкон энелер менен күйөөлөрүнөн ажыраган жесирлердин жарасын тырмабай, жөн отургулачы демекмин. Апрель окуясы боюнча сот алты жыл жүрдү. Күнөөсү болбосо Бакиев эмне үчүн ошол аралыкта келген жок? Жапаровдор бийликке келери менен аны Кыргызстанга алып келүү маселеси байма-бай көтөрүлүп жатат. Мен аны "алып келип, ачык соттосун, камасын" деген апрелчилерге кошулбайм, анткени бизде сотторго ишеним жок. Кайсы бийлик келсе, ошонун сөзүн сүйлөп, ырын ырдашарын баарыбыз эле билип, көрүп жүрөбүз. Бакиев чыныгы жазасын алсын, ошол жактан келбесин! Аны алып келебиз деп жаткандар өздөрүн менин ордума коюп көрүшсүн".
Ал тапта Бакиевдин иши боюнча соттун өкүмүн кайра кароо үчүн Жогорку Сотко арыз берилерин 28-ноябрда "Азаттыкка" анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.
Быйыл апрель айында Кыргызстандын Конституциялык соту Айткуловдун Бакиевдин ишин анын өзүнүн катышуусу менен кайра кароо ыктымалдыгы тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Анда сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.
Конституциялык соттун бул чечиминен кийин Бакиев Кыргызстанга келет деген сөздөр пайда болгон.
Анын алдында Апрель окуясында жабыркагандар үчүн Бакиевдердин акчасына тигүү цехтери курулуп жатканы тууралуу маалымат тарап, айрым апрелчилердин нааразылыгы жаралган. Алар Бакиевди алып келсе да камап, жазалоону талап кылышса, айрымдары Бакиевди алып келип, ачык соттоп, күнөөсү болбосо актасын дегендей пикирлерин айтышкан.
Бакиевди да реабилитациялоо аракетиби?
Бийликтен куулган Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү аракети президент Садыр Жапаров 2023-жылы Дубайда мурунку мамлекет башчылардын баарын бир үстөлгө отургузуу аракетинен башталганын белгилегендер да бар.
Андай пикир ээлери бийлик Абыкеевдин маеги Лукашенконун сөзүнөн кийинки коомчулуктун маанайын байкоо максатын көздөйт деп эсептешет.
Активист Айбек Теңизбай президенттин кеңешчиси "Кабар" мамлекеттик агенттигине маек курганы негизги жышаан деген пикирин айтууда:
"Экинчиден, Бакиев маселеси алгачкы жолу көтөрүлгөн жок, буга чейин да президенттин чөйрөсүндө аны Кыргызстанга алып келүү демилеси бир нече жолу айтылып келген. Менимче, бул маселе Лукашенконун сөзүнөн кийин жалпы элдин маанайын байкоо үчүн бийлик тарабынан көтөрүлдү. Чолпонбек мырза өзү эле чыгып, оюн билдире албайт, ошондуктан, мунун артында бийликтин сөзү турат деген ойдомун".
Кыргызстанда үч жолу күч менен бийлик алмашылып, үч президент кызматынан куулган же четтетилген.
Алгачкысы Аскар Акаев 2005-жылкы Март ыңкылабында бийликтен куулуп, үй-бүлөсү менен Москвага качып кеткен. Ошол боюнча мекенине келбей жүргөн Акаев азыркы бийликтин тушунда - 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген. 2024-жылы сентябрда ал экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазып, парламент аны четке каккан.
Муну белгилеген саясат талдоочу Адил Турдукулов бийликтин Бакиевдерди алып келип, ачык сот өткөрүү аракетин кубаттай турганын "Азаттык" менен бөлүштү:
"Азыркы бийликтегилер Бакиевдерди алып келүүнү көздөйт деген сөздөргө мен кошулбайм. Эгер андай максаты болсо, мурда эле алып келишмек. Азыркы жүрүп жаткан процесс буга байланышы жок деп ойлойм. Президент Садыр Жапаров буга чейинки ыңкылап, төңкөрүштөрдү жокко чыгаруу эмес, кайра карап чыгуу же саясатташтырбоо аракети болуп жаткандай. Анткени ар бир келген бийлик мурункуларын бокочо кылып көрсөтүп келген. Бул Акаев кеткенден берки ар бир бийликте кайталанды десек жаңылышпайбыз. Эми Садыр Жапаров саясатташкан негиздеги айыптоолорду жокко чыгарып, укуктук баа берүүгө ынтызар болуп тургандай. Анткени болгон окуяларды бир нукта гана карабаш керек. Садыр Жапаров Атамбаевдин, Бакиевдин жана Акаевдин учурундагы болгон ак, кара окуяларды бөлүп карап, ага тарыхый баа берүүгө, саясий негиздеп, укуктук адилеттүү баасын берүүгө жол ачып жаткандай сезилүүдө. Мен ушинтип үмүттөнөм жана ишенип жатам".
Быйыл 11-мартта "Кабар" агенттигине курган маегинде мамлекет башчы Садыр Жапаров Беларус менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Минск "Эгер камабасаңар өткөрүп берели" дегенин айткан.
Консоттун чечиминен улам Бакиев Кыргызстанга келет деген сөз күчөгөндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент келсе камаларын эскерткен. 12-апрелде ал Фейсбуктагы баракчасына Бакиев боюнча Конституциялык сот чыгарган чечимге байланыштуу билдирүү жасаган жана ага бүгүнкү бийликтин эч кандай тиешеси жоктугун айткан.
4-июнда Садыр Жапаров "Кабарга" маегинде Бакиевди алып келүүгө кызыкдар эместигин билдирген. Ал журналисттин "Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясына байланыштуу сот чечимин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат”, - деп айтканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып Бакиевди алып келип соттоо деле кыйын болорун белгилеген.
"Бакиевди алып келүүгө, чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери "Бакиевди алып келели десек, беларус тарап бербей жатат" деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, "макул берели, бирок ачык сот кылгыла" дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат. Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз - жаш баланын сөзү. Алла күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин. Мага, эң негизгиси, өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти",-деген Жапаров.
Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
2010-жылдагы Апрель окуяларына байланыштуу сотто Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Мурдагы президент менен тун уулу Марат 30 жылга, кенже уулу Максим жана бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүрүнүн акырына чейин сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сырттан өкүм чыккан.
Бакиев ошондон берки бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, тагылган айыптарды мойнуна албай келет.
Шерине