Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Аманкан Кенжебаев.
Аманкан Кенжебаев.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аманкан Кенжебаев дайындалды. Ал Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болгон, ага чейин Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда аким болуп турган. 2021-жылы кыска мөөнөткө Ош облусунун Кара-Кулжа районуна аким болгон.

Кенжебаев соңку парламенттик шайлоодо №19 шайлоо округунан ат салышып, жетиштүү добуш алган эмес.

Ал 58 жашта, Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.

Президенттин Ош облусундагы буга чейинки өкүлү Элчибек Жантаев 1-декабрда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп дайындалган.

Аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ноябрда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп кеткен.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG