Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Шайназаров шайлоодогу мыйзам бузуулар иликтенип жатканын, чечим жакында кабыл алынарын билдирди


Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу дооматтарга жооп берди. Ал 2-декабрда атайын кайрылуу жасап, учурда комиссия иштеп жатканын, жакынкы эки-үч күндүн ичинде чечим кабыл алынарын билдирди. Коомчулукту шашылыш чечим кабыл албай турууга чакырды.

"Добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат. Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видео фактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Биздин колубузга келе электерин социалдык тармактардан алып, териштирип баштадык. Бул боюнча комиссия карап чыгат, чечим кабыл алабыз. Ага чейин эле, айрыкча социалдык тармактарда “БШК эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү?!” — деген сын-пикирлер айтылууда. Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз. Биз мамлекеттин репутациясына көлөкө түшүүсүнө жол бербеш үчүн адилеттүү чечимдерди чыгарышыбыз керек. Ага чейин дүрбөлөңгө түшпөй, бизди ашыкча сындабай, шашылыш чечим чыгарбай турууга чакырам",-деди Шайназаров.

Мунун алдында шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу социалдык тармактарга видео-аудио материалдар жарыяланып, айрып талапкерлерден арыз-доомат айтылып жаткан.

“7-канал” телеканалы Ноокен районундагы №2410 добушканасында 30-ноябрда тартылган видеону жарыялаган. Анда добуш берүү жүрүп жаткан каанадагы дубалга камерасы бюллетендерди салуучу үкөктү каратылып, илинген телефон тартылган. Жалал-Абад облустук милициясы талапкер Бакыт Сыдыковдун өкүлдөрү эсептөө урналарын видеокамерага тартып жатканы аныкталганын, топтолгон материалдар прокуратурага жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

№26 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылып, буга чейин ушул аймакта аныкталган 460 миң сомдун чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылган.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, ага 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG