Ысык-Көлдөн суучулдар 1100 узундуктагы браконьердик 11 торду алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Тазалоо иши уланып жатат. Куткаруучу-суучулдар тынымсыз рейд жүргүзүп, көлдүн түбүнөн балыктарды кырып, суунун экосистемасын бузуп жаткан синтетикалык торлорду алып чыгууда", - деп жазылган маалыматта.
ӨКМдин маалыматында Суучулдар кызматы 2025-жылдын башынан бери көлдүн 182 364. 96 гектар аянтынан 121 800 метр узундуктагы синтетикалык торлорду алып чыгышкан.
Акыркы жылдары Ысык-Көлдү таштандыдан арылтуу иштери да жүрүп жатат.
1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.
Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (ST)
Шерине