Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Аманкан Кенжебаев.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Аманкан Кенжебаев дайындалды. Ал Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болгон, ага чейин Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда аким болуп турган. 2021-жылы кыска мөөнөткө Ош облусунун Кара-Кулжа районуна аким болгон.

Кенжебаев соңку парламенттик шайлоодо №19 шайлоо округунан ат салышып, жетиштүү добуш алган эмес.

Ал 58 жашта, Чүй облусунун Сокулук районунда туулган.

Президенттин Ош облусундагы буга чейинки өкүлү Элчибек Жантаев 1-декабрда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп дайындалган.

Аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ноябрда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп кеткен.

Дагы караңыз

Кремлде Путин АКШнын атайын чабарманы Уиткофф менен беш сааттай сүйлөштү Шайназаров шайлоодогу мыйзам бузуулар иликтенип жатканын, чечим жакында кабыл алынарын билдирди Милиция Ноокенде добушканада илинген телефондун чоо-жайы иликтенгенин билдирди36 миңдей киши сасык тумоого кабылып, 55 бала бакча карантинге жабылды