КСДПдагы кризис
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алды. Бирок Өмүркулов партиянын мындай чечимин легитимсиз деп атап, фракция жетекчилигинен кетпей турганын билдирди. Мурдатан тымызын жүрүп жаткан Социал-демократиялык партиядагы тиреш ачыкка чыгып, карама-каршы айыптоолор менен коштолууда. Мындай кырдаал партиянын ичиндеги жана өлкөдөгү саясатка кандай таасирин тийгизет? "Азаттык" дал ушул суроону талкуулады. Талкууга Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахманов, жарандык активист Адил Турдукулов жана саясий илимдердин кандидаты, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?