Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Газадагы тайланддык туткундун сөөгү Израилге берилди


Газадагы туткундардын сөөгүн алып бараткан Кызыл Чырым уюмунун автоунаасы.
Газадагы туткундардын сөөгүн алып бараткан Кызыл Чырым уюмунун автоунаасы.

ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган) уюму тайланддык дыйкан Судтиcак Ринталактын сөөгүн Израилге берди. Бул маалыматты Израил менен Тайланддын расмий жетекчилери ырасташты.

Хамасчылар 2023-жылдын 7-октябрында кол салганда Судтиcак Беэри киббуцундагы (айылында) дыйкан чарбада иштеп жүргөн. Ал чабуул маалында эле өлтүрүлгөн. Анын сөөгүн "Ислам жихады" террордук тобу кармап турганы айтылып келген. Судтисак расмий түрдө 2024-жылдын 16-майында каза болгон деп жарыяланган.

Тайланддын Тышкы иштер министрлиги туткунга алынган 31 жаранынын баарын кайтарып берүүгө көмөктөшкөнү үчүн Израилге ыраазычылык билдирди. Алардын 28и аман-эсен, үчөөнүн сөөгү кайтарылган.

Маалыматка караганда, согушкерлер барымтага алган туткундардын арасындагы чет өлкөлүктөрдүн көбү тайланддыктар болгон. Мындан тышкары чабуул учурунда Тайланддын 46 жараны каза болгон.

Учурда Газада бир гана израилдик Ран Гвилинин сөөгү калды.

10-октябрдан тарта күчүнө кирген ок атууларды токтотуу келишиминин алкагында 20 киши жана 27 адамдын сөөгү Израилге кайтарылды. Ал эми Израил Газага жүздөгөн палестиндердин сөөгүн өткөрүп берди. Бул жараян Американын демилгеси менен түзүлгөн согушту токтотуу келишиминин биринчи баскычынын алкагында ишке ашууда.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG