Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Кыргызстанда беш жылда 1,5 миңдей майыптыгы бар жаран жумушка орношту


Майыптыгы барлар катышкан иш-чара.
Майыптыгы барлар катышкан иш-чара.

Соңку беш жылда Кыргызстанда 1 жарым миңден көп майыптыгы бар киши жумушка орношконун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Азаттыкка” билдирди. Мекеменин 3-декабрдагы маалыматына караганда, алардын 806сы аялдар.

2020-жылы 175 майып адам жумушка орноштурулса, 2025-жылдын он айында алардын саны 221ди түзгөн.

Министрлик белгилегендей, бул кесиптик окутууну өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана мамлекеттик колдоо программаларын кеңейтүү аркылуу ишке ашкан.

“Бул чаралар майыптыгы барлардын социалдык интеграциясына жана экономикалык көз карандысыздыгына өбөлгө түзүүдө. Социалдык келишим программасы эмгек рыногунда өз алдынча иштөө же ишкердик демилгелерин өнүктүрүүгө багытталган. 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин социалдык келишимт аркылуу 3 146 майыптуулугу бар жаран колдоо алды”, - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда ушул жылдын 1-ноябрына карата 108,4 миң адам ай сайын социалдык жөлөкпул алат. Жөлөкпул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (108,7 миң) 0,2% азайган.

Расмий маалыматтарга таянсак, ушу тапта Кыргызстанда майыптыгы барлардын саны 218 миң, бул калктын 3% түзөт. 38 миңи 18 жашка чыга элек балдар.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG