Бишкекте 11 журналист тергөө абагына которулду
Кыргыз бийлиги экс-бажычы Райымбек Матраимовдун 80 миллион долларга бааланган мал-мүлкү конфискация болорун билдирди. Мурда кармалып, айып пул менен бошогон Матраимовго өткөн апта издөө жарыяланган. Жо Байден Иорданиядагы базада дрон соккусунан каза тапкан үч америкалык аскердин өлүмүнө жооп кайтарыларын эскертти. Иран "ал окуяга тиешеси бар" деген айыптоолорду четке кагууда. 11 журналист Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагына которулду. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор алар 13 күндөн бери милициянын убактылуу кармоочу жайында отурганын кыйноого тете деп баалаган.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 03, 2025Сыдыков катышкан №13 округдагы шайлоо жокко чыкты
-
Декабрь 03, 2025Путин Европаны согуш менен коркутту
-
Декабрь 02, 2025Шайлоодогу мыйзам бузуу: Видео камера, добуш сатуу, 460 миң сом
-
Декабрь 02, 2025Украина: Покровск үчүн кармаш күчөдү
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Украина: Уиткофф Москвага, Зеленский Парижге барды