Өзбекстандан алынган имараттар оңдолууда
Баткендеги Өзбекстан менен чектеш Кайтпас айылынын тургундары бир топ жылдардан бери “чек арадагы” айыл макамын ала албай, убара тартып келген. Себеби, андай статус ыйгарылса, бала бакча, маданият үйү жана мектеп сыяктуу социалдык мекемелерди курууга көңүл бурулмак. Эми анысы жок деле маселе оң жагына чечилди. Тагыраагы, кыргыз өкмөтүнүн жыл башындагы токтомуна ылайык, айылдагы Өзбекстанга караштуу алты имарат мамлекет карамагына өттү. Азыр аларды бала бакча менен маданият үйү, жаштардын баарлашуу борборуна айландыруу аракети жүрүп жатат.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 30, 2025Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келишин каалайт?
-
Ноябрь 30, 2025Элге кандай депутат керек?
-
Ноябрь 13, 2025"Тонналаган товар Орусияга кирбей турат". Чек арадагы чектөө
-
Ноябрь 07, 2025Ош. Көмүр кымбат жана тартыш.
-
Ноябрь 05, 2025Кар жаады, жол тайгак, "чексиз тариф"
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?