Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

“Тумар” радиосунун үн режиссеру Айдаралиев ооруканада көз жумду


“Тумар” радиосунун үн режиссеру Жаныбек Айдаралиев  ооруканада көз жумду. Ал мээсине жасалган операциядан кийин 2 жума ооруканада жатып, өзүнө келбеген бойдон каза тапты. 16-октябрда 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиевди өзү иштеген түнкү клубдан катуу сабап кетишкен. Жыйынтыгында анын мээсине 2 жолу операция жасалган.Бул боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголгон.  Кылмышка шектүү деп 28 жаштагы Максат Эралиевге издөө салынган. Иш Бишкек шаардык прокуратурасынын көзөмөлүндө. (EzK/RK)

 

XS
SM
MD
LG