Милиция Ноокендеги добушканада илинген телефон иликтенип, комиссияга маалымат берилгенин билдирди. Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөртүүлөр болуп жатат. Украинанын куралдуу күчтөрү Покровск шаарынын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөп жатканын билдирди.
Логистикалык жактан маанилүү калаа үчүн айыгышкан салгылаштар бир нече айдан бери жүрүп жатат. Катардагы украиналыктар каршы тарап Покровскини алганынан күмөн санаганы менен, эгер ал чын болсо жагдай тынчтык сүйлөшүүлөрүнө таасир этерин белгилешет.
Украинадагы согуш жакын арада токтойбу? Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр эми Москвада уланат. АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусиянын президенти менен сүйлөшүү үчүн жолго чыкканы маалым болду. Жекшембиде Украина менен Орусиянын делегациясы Американын Флорида штатында жолуккан.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Гонконгдо өрттөн набыт болгондордун саны 128ге жетти, 200дөй киши дайынсыз. Эки күн мурда көп кабаттуу сегиз үйдүн биринде тутанган өрт башкаларына тез эле жайылып кетти. Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакуновдун бул сөзү Бишкек шаарынын тургундарын таң калтырды.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшөрүн айтты. Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекет башчылардын саммитинде 15 документке кол коюлду. Вашингтондо ок атылып, эки жоокер жарадар болду.
Орус президенти Владимир Путинди Бишкекке расмий аткаминерлерден башка, бир нече ишкер-олигархтар коштоп келди. Алар Роман Абрамович, Муса Бажаев, “Промсвязьбанктын” башчысы Петр Фрадков жана башкалар. Бул үч адам тең эл аралык санкцияларга кириптер болгон, чуулгандуу ишкерлер.
Орус президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. 26-ноябрда өткөн жолугушууларда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилени тереңдетүү, бир нече багытта кызматташтык өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Запорожьеге жасалган Орусиянын жапырт дрон чабуулунан ондогон имараттар жабыркап, бир нече тургун жаракат алды. Майдандагы кырдаал оор болуп турган чакта тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу талкуу уланууда.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда үч күндүк мамлекеттик сапар менен келип, президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Украинадагы согушту токтотуу боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда Киев менен Москва бири-бирине абадан сокку урду. Украин баш калаасында алты жайкын тургун мерт кетсе, Орусиянын Таганрог шаарында үч адам набыт болгону кабарланды.
Дагы жүктөңүз