26-ноябрда Вашингтондо Ак үйгө жакын жерде ок атып, АКШнын Улуттук гвардиясынын эки жоокерин жарадар кылган кишинин теги ооганстандык экени кабарланды. Шектүү кол салган учурунда өзү да жарадар болуп, кийин кармалды. АКШ президенти Дональд Трамп кол салууну "жек көрүү жана террордук акт" деп атап, Жо Байдендин тушундагы Ооганстандан келгендерге карата миграциялык саясатты кайра карап чыгууга чакырды.
Кылмыш
Ош облусунун Алай районунда окуучу баланын өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин Ош–Эркечтам автоунаа жолунда атайын рейд өттү. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы айдоочуларды эрежелерди сактап, этият болууга чакырууда.