Ош облусунун Алай районунда окуучу баланын өмүрүн алган жол кырсыгынан кийин Ош–Эркечтам автоунаа жолунда атайын рейд өттү. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы айдоочуларды эрежелерди сактап, этият болууга чакырууда.
Кырсык
Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган Ош–Эркечтам жолундагы кырсыкта эки киши каза болду. Өткөн аптада ушул эле жолдогу удаа болгон каргашада 10 кишинин өмүрү кыйылган. Жергиликтүү тургундар кооптонуп, Алай районунда жол кыймылын катуу көзөмөлдөөнү талап кылып жатышат.