"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда үч күндүк мамлекеттик сапар менен келип, президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Москва талаптарын күчөткөндөн улам жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу автоунаалар казак-орус чегинде такалып калган. Кыргыз өкмөтү бул жагдай ишкерлер Евразия экономикалык биримдигиндеги эрежелерди сактабаганынын айынан чыкканын, маселени жөнгө салуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирүүдө.
2020-жылкы Октябрь окуяларына быйыл беш жыл болду. Ошол жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразылыктар ири митингге айланып, соңу 16-октябрда бийлик алмашуу менен аяктаган.
Европа Биримдиги Орусияга салган кезектеги санкцияларынын алкагында Кыргызстандагы “Толубай” банкын жана “Евразия сактык банкын”, орус ишкерлери Бишкекте жүгүртүүгө чыгарган криптовалютаны жана Кыргызстанда уюшулду делген криптобиржаны санкциялык тизмеге киргизди.
Жогорку Кеңешке шайлоого №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан парламент депутаты Ырысбек Атажановдун тарапташынын үгүт жасаганы Кадамжай райондук милициясына каттоого алынып, текшерүү иштери башталды.
2020-жылкы Октябрь окуяларына быйыл беш жыл болду. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ири митингдерге айланып, соңу бийлик алмашуу менен аяктаган. Иш жүзүндө өлкөдө үчүнчү ирет төңкөрүш ишке ашкан. Бул аралыкта анын себептери жана сабактары жөнүндө көп талкуулар жүрдү.
Кыргызстанда жай айларында башталган күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу күздө да уланууда. Улуттук статистика комитети билдиргендей, А-95 үлгүсүндөгү бензин июндун башында 73 сом болсо, учурда 77-78 сомго чыкты. А-92 үлгүсүндөгү бензин 65 сомдон 71-72 сомго, дизел 73 сомдон 77-78 сомго көтөрүлдү.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов өзүнүн иши боюнча алгачкы эки соттук отурумга жактоочусу жок катышты. Ал келишим түзгөн адвокат бул иш саясий болгондуктан акыркы сааттарда баш тартканын билдирди.
Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын ишин кароо башталды. Октябрь райондук соту июлда аны “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “кастыкты козутуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен тергөө абагынан чыгарган.
Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы (ГЭС) курула турган аймакта сейсмикалык комплекстүү изилдөөлөр жүрбөгөнүн айтып чыкты.
Орусия мигранттарга “кара тизмеден” чыгууга берген кошумча убакыт беш күндөн кийин аяктайт. Ушул тапта бул өлкөдө мыйзам бузуп, реестрге түшкөн 800 миңдей чет элдик жаран дале чыга элек.
АКШнын Финансы министрлиги Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржага санкция салды. Эки ай мурда Financial Times басылмасы өз баяндамасында Grinex’тин артында теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шор турарын кабарлаган.
“Клооп Медиа” басылмасынын "жапырт башаламандыкка чакырык жасоого" шектелип жаткан кызматкерлеринин ишин сот карай баштады. Эки айдан ашуун тергөө абагында отурган медианын мурдагы операторлору Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов, эки эсепчиси бул иште айыпталуучу катары өтүп жатат.
УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы эки депутаты – Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев Нарындагы көмүр кенин мыйзамсыз басып алууга шек саналып кармалганын маалымдады. Бир нече жыл мурда облустагы Миң-Куш көмүр кенине байланыштуу жергиликтүү тургундар нааразылыкка чыгып, кийин кайра басылган.
Дагы жүктөңүз