"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Кытайда коронавирус жугузгандардын 90 пайызы айыкканы тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы таратты. Мындан улам илдеттин очогу Хубей провинциясындагы карантин жарым-жартылай алынды. Ал эми 8-апрелден тартып Ухань шаарынан сыртка чыгууга уруксат берилет.
Германияда коронавирус жуккандардын саны 26 миңден ашты. 118 адам көз жумду. Ал жактагы ооруканалардын абалы тууралуу Бад Херсфильд шаардык клиникасында жети жылдан бери хирург болуп иштеген журтташыбыз Уран Камчыбеков «Азаттыкка» айтып берди.
23-мартта коронавирустан көз жумгандардын саны 16 миңден ашты. 367 миңдей киши бул илдетке чалдыкты. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус тездик менен жайылып баратканын эскертти.
АКШда иштеп жүргөн онколог, медицина илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.
Коронавируска байланыштуу көп мамлекеттерде карантин киргизилип, ишканалар өз жумушчуларынын санын кыскартып же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жиберип жатат. Мындан улам чет жактарда иштеген кыргызстандыктар да жабыркашууда.
Түштүк Кореяда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 8200дөн ашты. 75 киши көз жумду. Бул мамлекет COVID-19га каршы күрөштү ийгиликтүү жүргүзүп жатканы кабарланды. Анын себептерин Сеулда физик-изилдөөчү болуп эмгектенген журтташыбыз Салижан Кылычбеков чечмелеп берди.
Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин арасынан коронавирус күч алган Иранда бул илдеттен көз жумгандардын саны 700дөн ашты. 14 миңден көп киши өпкөнү сезгенткен жаңы илдетке чалдыкты.
Алгач Кытайдан чыккан COVID-19 вирусу дүйнө жүзүн каптады. Өпкөнү сезгенткен бул оорудан улам өзгөчө кырдаал киргизген мамлекеттердин саны күн санап көбөйүүдө. Чет жактарда бир жарым миллиондой кыргызстандык бар. Алардын айрымдары менен байланышып, кабар алдык.
Бир жыл мурда Крайстчөрч шаарындагы мечитте болгон кыргын 51 кишинин өмүрүн алган. Ушу тапта Жаңы Зеландияда ошол окуяда набыт кеткендерди эскерүү иш-чаралары башталды. Ал окуялар жашооcун түп-тамырынан өзгөрткөн үч адамдын тагдырын сунуштайбыз.
Мамдумада 10-мартта сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, Владимир Путинге 2024-жылы да президенттике ат салышууга жол ачылат.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани 9-мартта экинчи мөөнөткө расмий киришип, ант берди. Ошол эле маалда Бириккен өкмөттүн мурдагы башчысы Абдулла Абдулла да өзүн президент деп жарыялап, өз инаугурациясын өткөрдү.
Журтташыбыз Сейитбек Усманов IT курстарын негиздеп, Кошмо Штаттардагы жана Европадагы мекендештерге программалоону үйрөтүп келет.
Кабулдагы кол салуу 30дай адамдын өмүрүн алды. Тажикстанда коронавирустан улам тамак-аш кымбатташы мүмкүн деген имиштер калкты дүрбөлөңгө түшүрдү. Москвада коронавирустан улам жогорку даярдыктагы режим киргизилди.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы ыктымал аскер кылмыштары, анын ичинде АКШ күчтөрү жасаган ырайымсыз иштер болгонун же болбогонун иликтөө жөнүндө чечим чыгарды.
«Эл аралык мунапыс» уюму билдиргендей, Ирандын коопсуздук күчтөрү ноябрь айындагы өкмөткө каршы акцияларды басууда кеминде 22 баланы өлтүрүшкөн. Уюм буга байланыштуу бир топ далилдерди чогулткан.
Сирия армиясы Орусиянын көмөгү менен Идлибге урган соккудан 33 түрк аскери мүрт кетти. Анкара буга жооп кайтарды.
Түштүк Кореянын коронавирусту жугузуп алгандар эң көп катталган Тэгу шаарында 20дай кыргызстандык студент бар. Учурда алардын саламаттыгы жакшы. Бул тууралуу «Азаттыкка» Түштүк Кореядагы кыргыз студенттер ассоциациясынын лидерлеринин бири Билимбек Зымчыбеков билдирди.
Италияда коронавирустан алты киши көз жумду. Ооруну жугузуп алгандардын жалпы саны 220 кишиден ашты.
Украинада Полтава облусунун тургундары Кытайдан алынып келген украин жарандарынын жергиликтүү ооруканага жаткырылышына каршы чыгышты. Ал арада коңшу Казакстанда да коронавируска байланыштуу нааразылык акциясы өттү.
Ооганстандын Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 28-сентябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.
Дагы жүктөңүз