"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Тажик бийлиги 29-июлдагы чет элдик туристтерге кол салууга шектүү беш кишини камакка алып, окуяга тиешеси бар адамдарды издөөнү кеңейтти. Теракттын уюштуруучусу катары шек саналган жигиттин энеси баласы башкалардын азгырыгына кабылганын айтып жатат. Анын айтымында, уулу издөөдө жүргөн кылмышкерлердин сөзүнө кирип, адам өмүрүн алган кылмышка барган.
Тажикстандагы Дин иштери боюнча комитет саналуу күндөн кийин боло турган Курман айт майрамында чоң дасторкон жайгандарга айыппул салынарын элге эскертти. Бул мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири.
Тажикстандын Хатлон облусунун Бохтар шаардык соту 73 жаштагы байбичени сегиз жылга эркинен ажыратты. Чачын бубак баска аялга "мыйзамсыз баңгизат ташыган" деген айып тагылды.
Тажикстанда жекшембидеги тик учак кырсыгынан беш киши каза тапканы белгилүү болду.
"Өзбекстанга кириш үчүн туристтик виза ачуу оңой болуп калды" деген кабарды эшиткен мурунку өзбек жарандарынын өз мекенине келүү тууралуу тилеги орундалган жок. Алардын көпчүлүгү - маркум президент Ислам Каримовдун убагында жарандыгынан ажыраган укук коргоочулар, саясатчылар, журналисттер жана алардын жакын туугандары. Убагында башка мамлекеттин жарандыгын алууга мажбур болгондор көп жылдан бери өз өлкөсүнөн алыста жашап жүрүшөт.
Казакстандын Актөбө облусундагы орто мектептин айрым окуучулары бирдиктүү формадан баш тарткандыгы үчүн кийинки класска көчпөй калды. Ушундай төрт окуучунун ата-энесине болсо мектеп жетекчилиги административдик айыппул салды.
Жума намаз убагында өзбекстандык имамдар мечитке чогулгандарга өз жанын кыюу исламда кечирилгис чоң күнөөлөрдүн бири экенин түшүндүрүп жатышат.
2018-жылкы Дүйнөлүк футбол чемпионатында Нижний Новгороддогу стадионду курган жумушчулар 50 млн рубль акчаларын ала албай калгандарын айтып жатышат.
"Өзбекстандын Ички иштер министрлигиндеги Коомдук тартип жана кайгуул-күзөт кызматынын башчысы Дилшод Акрамовду өлтүргөн" деп шек саналып жаткан киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин атын атагысы келбеген жогорку даражадагы кызматкери жана Акрамовдун туугандарынын бири билдирди. Аталган кызматтын башчысы Дилшод Акрамов өзүнүн иш бөлмөсүндө ушул жылдын 4-августунда киши колдуу болгон.
Радикал динчилдин жетегиндеги төрт тажик жигиттин чет элдик туристтердин өмүрүн алган кандуу чабуулу тажик коомчулугун ойго салды.
Өзүнө карата чыккан чечимге Данияр Арпачиев "негизи жок" деп баа берди.
31-июлда соттор Кубанычбек Кулматовдун, Осмонбек Артыкбаевдин жана Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, камакта калтырды.
31-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.
Нарын шаарынан эки чакырымдай жерде жайгашкан жүз гектардай аянттагы таштанды талаасынан күн сайын өрт чыгат. Бул аймакка жакын жашагандар болсо шаарды каптаган таштандынын түтүнүнө чакап жатканын билдиришүүдө. Бул көрүнүш шаардын тазалыгын көзөмөл кылган мекеменин дарегине нааразылыкты күчөттү.
Соң-Көл жайлоосундагы 15 миң гектардан ашуун жайыт жерди Кочкор жана Жумгал районунун малчылары талашууда.
Нарын облустук казыятына караштуу балдар медресесинде окугандар жайкы каникул учурунда ашпозчулукту жана англис тилин үйрөнүп жатышат.
Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция мэрликке өз талапкерин көрсөттү. Жаңы мэрди шайлоо ушул жылдын 8-августуна белгиленген. Мунун алдында шаардыктарга “Бишкекке кандай мэр керек?” деген суроо узаттык.
Жайкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу кандай жүрүп жатат? Балдар коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүүбү? "Азаттыктын" апта түрмөгү мына ушул теманы талкуулайт.
Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөсү үч жылга эркинен ажыратылды.
Былтыртан бери Нарында жашап жаткан кырктан ашуун памирлик кыргыздын он сегизи бүгүн Ооганстанга жөнөп кетти.
Дагы жүктөңүз