"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Солтон-Сары жайлоосуна барчу ашууну Нарын районунун Оттук айылынын тургундары коруп чыгышты. Жайлоодогу мал этекке эрте түшпөсүн деп тоолуктар ушундай чара көрүп жатышат. Анткени учурда айылда эгин жыйнала элек. Антпесе жылкы тоого токтобой, айылга качып турган мезгили.
Ал мындай оор жумушка иштебеске аргасы жок. Чиедей алты баласы бар. Ал балдарынын өзүндөй жону катуу жокчулукка кабылбай, билимдүү, бардар жашаса деп кыялданат.
Чогулгандарга райондун акими жолугуп, алардын үндөрүн жогорку бийлик бутактарына жеткирүүнү убада кылды.
Быйыл Кыргызстан боюнча 15 мектептин курулушу бүтүп, ишке кирди. Курулушу бүтө эле дагы 124 мектеп бар. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган жеке менчик мектептер да быйыл окуучуларга эшигин ачты. "Азаттык" баш калаадагы жана аймактардагы жаңы ачылган мектептердин сүрөттөрүн чогултту.
Нарын районунун Кеңеш айылындагы 150 дөн ашык окуучу жаңы окуу жылды кадимки контейнерлерде окуп баштады. Мобилдик үй деп саналган мындай туракта алар канчага чейин билим алат, азырынча эч кимге беймаалым.
Кыргызстанда быйыл мектепке барчу окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге жакын экени маалым болду.
Ат-Башыда жаңы ачылган кыш заводу төрт күн иштебей турду. Буга райондук электр тармактар ишканасы 26-августа завод 20 миң сомдон ашык карызын төлөнбөй жатат деп, жарыкты өчүрүп кеткени себеп болгон. Карыз төлөнгөндөн кийин 30-августта РЭС кыш заводдун жарыгын кайра кошуп берген.
Нарын шаары менен Кочкор районунда 14 жаштан 28 жашка чейинки жумушсуз жаштар кыска мөөнөттүү акысыз курста окуп жатышат. Бул долбоорду эл эралык ЮСАИД уюмунун колдоосу менен “Демилгелүү жаштар” коому ишке ашырууда. Курстун бүтүрүүчүлөрүнө болсо "Агахан" фонду жумуш таап берүүгө көмөк көрсөтөт.
Кыргызстандын аймагын 34 миң чакырым жол бириктирип турса, алардын 15 миң чакырымдан ашыгы ички жолдор түзөт. Бирок ички жолдордун абалы ал жолдо жүргөн жүргүнчүлөр менен айдоочуларды толук канааттандыра элек.
Вазил Абубакир уулу оогандык кыргыз. Анын Нарынга келгенине эки жылга аяк басты. Бул аралыкта ал жумушка орношуп, тирилигин жөндөп алган. Келинчеги Ширин экөө көп балалуу болуп, ушул жерден орун-очок алууну кыялданышат. Вазил келечекте котормочу болууну эңсеп жүрөт.
Жумгал районунун Ок-Торкой жайлоосунда ордо фестивалы өттү. Ага райондогу 12 айыл аймагынан келген ордочулар катышты. Иш-чара бул улуттук оюнду даңазалоо жана башка аймактарга жайылтуу максатын көздөдү.
Нарын шаары менен Чет-Нура айыл аймагын бириктирген 40 чакырым жолдун тамтыгы чыкты. Өңгүл-дөңгүл, таштак жол жүргүнчүлөрдү эле кыйнабастан, үй-бүлө багам деген айдоочунун да автоунаасын керектен чыгарып жатат. Жергиликтүү элдин бийликке кайрылууларынан майнап чыга элек.
Нарын районунун Эчки-Башы айылында 30дай аял тазалык акциясын өткөрдү. Алар айылдагы арыктарды тазалап, сугат суунун нугун бурушту. Иштемчил аялдар ушул тапта талаа ишинен бошобой жаткан эркектерге жардам катары, экинчи жагынан башкаларга үлгү болуш үчүн ушундай демилге көтөрүп жатат.
Фестивалда кыргыз балы экологиялык сапаты жана даамы менен өзгөчөлөнгөн. Бирок ошентсе да атбашылык балчылар, өндүргөн продукциясын сатууга келгенде дагы деле кыйынчылыктардан арыла элек.
Солтон-Сарыда чогулган эл 8-августта Бишкек-Торугарт жолунун боюна, Кара-Чий айылынын тушуна тогуз боз үй тигишти. Облустук милициянын маалыматы боюнча 300 чамалуу киши чогулду.
Нарындагы Кара Чий айылынын жанына чогулган эл Солтон-Сары жайлоосундагы кытайлык алтын кенди жабууну талап кылып турушат. "Азаттыктын" Нарындагы карабачысы Мирлан Кадыровдун айтымында жергиликтүү тургундар жол боюна тогуз боз үй тигип алышкан.
Нарындын Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул киши компаниянын ишин токтотууну талап кылып турушат.
«Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгондор дагы эле ишкананын ишин токтотууну талап кылышууда.
Нарындагы Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы болгон жергиликтүү эл «Jhong ji Mining» компаниясынын техникалары чыгарылсын деген талап коюшту. Алар менен 6-августта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугушту.
Нарын шаарынын борбордук аянты кароосуз калды. Чөп кургап, отургучтардын мыгы оркоюп чыгып турат. Талкаланган тосмолор шаардын көркүн бузат. Мэрия "өкмөттөн акча келбей, аянт реконструкциядан өтпөй калганын" жүйө келтирет. Аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров тоолуу аймактын борборун аралап чыкты.
Дагы жүктөңүз