"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
10-декабрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-отурумун өткөрүп жатып, соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, бирок кемчиликтер көп экендигин белгиледи.
9-декабрда Сооронбай Жээнбеков президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-отурумун өткөрүп жатып, соттук реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, бирок кемчиликтер көп экенин белгиледи.
Өлкөдө көз каранды эмес сот системасын калыптандырыш үчүн бюджеттен 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат 2018-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп. Бирок буга карабай соттук реформа алдыга жыла элек.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы сот системасынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына арналган, Улуттук филармонияда өткөн иш-чарада сөз сүйлөдү.
Ушул тапта дайынсыз болуп жаткандарды 100дөй куткаруучу издеп жатат.
«Барымтага алуу» беренеси менен соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровдун президенттен ырайым суроо өтүнүчү карала элек.
Бишкек шаарынын ышка чулганып жатышы коомдун кызуу талкуусуна алынды. Мэрия организми сезгич адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылды.
«Зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган жылдык салттуу акцияга кыргыз коомчулугу 26-ноябрда кошулду. Кыргыз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук кыргыз коомунда да олуттуу көйгөй экенин белгиледи. «Азаттыктын» кабарчылары бул көйгөйдү каармандар аркылуу ачып бергенге аракет кылышат.
Нарын облустук Жаштар ордосунда чогулгандар өкмөткө эки талап коюшту. Алар «кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифине 3000 кВт/саатка чейин жеңилдик берилсин же бирдиктүү тариф коюлсун» деп айтышты. Ушул талаптарды аткарууга өкмөткө он күн убакыт беришти.
Жогорку окуу жайды аяктап, бирок ишти шаардан эмес, айылдан баштаган ишкерлердин бири - Атабек Турдакунов. Азыр ал топоздун этин Интернет аркылуу жарнамалап жүрөт. Атабектин 300гө жакын топозу бар. Келечекте топоздун этин дүйнөгө Кыргызстандын бренди катары таанытуу ниети бар.
Орусия Кыргызстандан ташылган тонналаган жашылча-жемишти киргизүүдөн баш тарткан учурлар көбөйдү.
22 жаштагы Мыйзамбек Ишенбек уулу Нарын районундагы Кара-Жылга айылындагы жалгыз фельдшер. Мыйзамбек айылда жашаган 400 кишинин ден соолугун текшерет. Ал айылдаштарынын ден соолугунан кабар алуу үчүн кээде ат минип алып, жөө кыдырып чыгат.
Кыргыз өкмөтү үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранган.
Бишкектин Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу бүтпөй турат. Долборлоо иштери 2015-жылы башталган. План боюнча пайдаланууга 2019-жылы берилмек. Бирок ушул тапта 550 орундуу мектептин каркасы гана турат. Качан бүтөрү белгисиз.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымы Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирине берилгени коомчулуктун сынына кабылды. Мындай токтомду Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары чыгарган.
Президент Cооронбай Жээнбеков милициядагы коррупцияны жоюу зарыл экенин билдирди. Ал кадрлардын сапатын жакшыртуу жаатында олуттуу кадамдар зарылдыгын эскертти. Мындай маселе акыркы убакта ишкерлердин коопсуздугуна байланышкан окуялардан улам көтөрүлүп жатат.
Президент Сооронбай Жээнбеков ишкерлер милиция кызматкерлеринен жардам таба албай жатканын билдирди.
Ички иштер министрлигинин жаңы түзүлгөн патрулдук кызматы Бишкекте 31-октябрдан тарта ишке кирди. Борбор калаанын Свердлов жана Биринчи Май райондорунун көчөлөрүндө адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулду.
Нарын шаарында “Дени сак улут-күз деми” деп аталган марафон эл арасына спортту жайылтуу жана ага ар бир адамдын көңүлүн буруу үчүн уюштурулду.
Уран калдыктары сакталган Миң-Куш айылынын Туюк-Суу конушундагы 23 үй-бүлөнүн маселеси чечилбей жатат.
Дагы жүктөңүз