"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Дүйшөмбүдө Албаниянын премьер-министри Эди Рама Сербияга тарыхый визит жасады. Бирок визит эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын кайым айтышуусу менен коштолду.
Быйыл Берлин дубалынын ураганына 25 жыл толду. Бул күндүн урматына өлкө борборунда өткөн негизги иш-чараларга миллионго жакын адам катышты.
Тажикстандын төрт жаранына “Ислам мамлекети” радикал тобу менен байланышы болгон деген айып тагылды. Алар ушул жылдын сентябрь айында Египетте кармалган болчу.
“Журтташтар” берүүсүнүн бүгүнкү каарманы 14 жылдан бери Польшада жашаган Бакыт Орозбаев. Познань шаарында университетте иштеген мекендешибиз жакында боло турган шаардык кеңештин шайлоосуна талапкерлигин койду. Ал Польшадагы шайлоонун өзгөчөлүгү жана өзү тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Өзбекстандын Каракалпак автономдуу жумуриятынын тургуну, “Алга, Каракалпакстан” кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев кыргыз бийлигинен жана эл аралык уюмдардан жардам сурады.
Украинанын президенти Петро Порошенко Орусияны жикчилдер көзөмөлдөп турган Донецк жана Лугансктагы шайлоону тааныбоого чакырды.
Йемендин атайын кызматтары барымтага алынган тажикстандык дарыгерди бошотуу аракетин көрүүдө.
"Азаттыктын" жаңылыктары, 29-октябрь
Хельсинки комиссиясынын 28-октябрдагы жыйынында өзбекстандык саясий бозгун Санжар Умаров кийинки жылы өтчү президенттик шайлоонун алдында өлкөдөгү саясий негиз менен камалып отурган адамдарды бошотуу талабын коюуну АКШдан суранды.
“Журтташтар” түрмөгүнүн бул жолку каарманы - Италиянын Сардиния аралында жашаган Мунара Сыдыкова. Ал бул аймактагы Кыргызстан-Сардиния ассоциациясын жетектейт. Ар кандай майрамдарда Кыргызстанды, кыргыздарды улут катары таанытууга салымын кошуп жатканын "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.
Түркия менен Ооганстан коопсуздук, соода-экономикалык жана инвестиция боюнча кызматташтыкты кеңейтмей болду.
«Журтташтар» түрмөгүнүн бул жолку каарманы Малайзияда маалымат технология тармагында иштеген Нурбек Жусупов. Ал “Азаттыкка” маек берип, Малайзияда иш баштоо тартиби, ал жактагы кыргызстандыктар жана өзү тууралуу кеп салды.
Орус полициясы 12-октябрдын таңында Москвадагы токойлуу тилкеден кескиленип өлтүрүлгөн эки адамдын сөөгүн тапты.
Тажикстандын 90 жаштагы тургуну Каюмшо Халимов экинчи никесинен төрөлгөн 2-3 жаштагы балдары көчөдө калбаса экен деп тынчсызданууда.
Түркмөнстанда жаңы cаясий бирикме - Агрардык партия түзүлдү. Аны 2012-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер Режеп Базаров башкарат.
Тажикстанда Ислам борборунун уламалар кеңеши Сирияга барып согушка катышуу же ага чакырык таштоо “чоң күнөө” деген фатва чыгарды. 25-сентябрдагы жыйында дин ишмерлери бул фатва менен жихадга чакырык таштоого тыюу салды.
Өзбекстанда саясий негизде камалган укук коргоочулар, журналисттер, активисттер абактарда кыйноонун ар кандай түрүнө кабылууда жана алар адам чыдагыс шартта кармалууда.
Орусиядагы аз сандагы улуттардын өкүлдөрү Нью-Йорктогу саммитке катыша албай калышты.
Өзбек бийлиги куудулдардан турган белгилүү “Миллион” тобунун ишине тыюу салды.
Тажикстандын көчөлөрүндө, базарларда милиция сакалчан кишилерди кармап, ал тургай мажбурлап сакалын алдырышы коомчулуктун нааразылыгын жаратууда.
Дагы жүктөңүз