"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.
Бир аптада кош бойлуу, айы-күнүнө жеткен эки келин төрөтканага жетпей көз жарды. Бири ымыркайын төрөткананын короосунда кучагына алса, экинчиси учакта төрөдү. Бул көрүнүштөр аялдардын төрөткө кайдыгер мамилесин, алардын кош бойлуу кезиндеги укуктары менен кошо милдеттери тууралуу маселени күн тартибине алып чыкты.
Кытайда билим алып жаткан кыргызстандык студент Бекетай Артыкбаев чет өлкөдө окуунун жолдору, тил үйрөнүү, кытайлардын маданияты менен өзгөчөлүгү туурасында "Азаттыкка" маек курду.
Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдык иштери дээрлик 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Бишкекте батирдин баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 6,2 пайызга, Ошто 12% көтөрүлдү.
Камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дарылануу боюнча өтүнүчүн билдирди.
Кыргызстанга чет өлкөдөн ташылган жеңил автоунааларга бажы төлөмү азайтылды.
“Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учакты ким калыбына келтире турганы айтыла элек.
Террорго айыпталган сегиз адамдын жакындары эл аралык коомчулукка арызданмай болду.
Бул жолу эл өкүлү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо боюнча шек саналууда.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин киреше-чыгашалары текшериле баштады.
Кыргызстанда үч айда 176 бала жергиликтүү жарандарга асыроого берилген. Мындан сырткары чет өлкөлүктөр сегиз кыргызстандык баланы багып алган.
Жаагына туура эмес операция жасалып, анын азабын тартып жүрүшкөнүн айткан эки бейтап "Азаттыкка" кайрылышты.
Жалал-Абадда китепканалардын республикалык форуму өтүп, аймактарды өнүктүрүүдөгү орду жана ролу талкууланды.
Кыргызстан-Кытай мамилеси, кол коюлган келишимдер жана берилген жардамды натыйжалуу пайдалануу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жыйынтыкталды.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы сапары уланууда.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары башталат.
Кыргызстанда казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевдин качкын макамын сураган арызы каралып жатат.
Жаза өтөп жаткан саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун арыздарын Жогорку сот карай баштады.
Кийинки убакта балдарды жакындары сабаган, зордуктаган, кордогон учурлар көп кездешүүдө. Ушундай шартта балдардын укуктары корголуп жатат деп айтууга болобу? Наристелерди кантип коргойбуз? “Арай көз чарай” талкуусу ушул маселеге арналды.
Дагы жүктөңүз