"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
23-октябрда президент Курманбек Бакиев Нарындын “Дордой-Динамо” футбол клубунун машыктыруучусуна жана үч оюнчусуна өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчы команда мүчөлөрүн жакында Пакистандагы жеңиши менен куттуктап, Бишкектеги «Спартак» стадионунун эл аралык деңгээлде кайра реконструциялоого убада берди. Ошондой эле 2009- жылы Азия конфедерациясынын президентинин Кубогун Бишкекте өткөрүү демилгесин колдоорун билдирди. Футбол адистери, жетекчилери президентке көйгөйлөрүн айтып, өкмөттүк деңгээлде жардам берүүсүн өтүнүштү.
22-октябрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында уландар арасында футбол боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары башталды. 45 өлкөнүн катарында кыргызстандык жаш футболчулар дагы мөрөй талашууда. Ошондой эле ноябрда жаштар арасындагы футбол боюнча Азия чемпионаты да Дохада болмокчу.
19-октябрда Бишкектеги эң алгачкы кинотеатрлардын бири «Алатоо» кинотеатры «Синематика» фирмасы тарабынан эл аралык талаптарга ылайык кайрадан жаңыланып орусиялык кино ишмер Сергей Бодровдун «Монгол» аттуу жаңы тасмасы менен эшигин кайрадан ачты. Бет ачарга маданият ишмерлери, депутаттар, элчилер, ишкерлер, коомчулук өкүлдөрү катышты.
18-октябрда Бишкектеги «Спартак» стадионунда футбол боюнча дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдешинин алгачкы этабында Кыргызстандын тандалма футболчулары Йорданиянын улуттук командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңип алды.
Бүгүн Бишкектеги «Спартак» стадионунда футбол боюнча 2010 -жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдешинин алгачкы этабында Кыргызстандын тандалма футболчулары Йорданиянын улуттук командасы менен беттешет. Кыргызстандын намысын кимдер коргойт? Борбордук стадион эл аралык мелдеш өткөрүүгө даярбы?
14-октябрда Кытай Эл республикасынын Шанхай шаарында өткөн мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулардын атайын олимпиадалык оюндарынан кыргызстандыктар 3 алтын, 2 күмүш, 3 коло байге менен жеңиштүү кайтып келишти.
Санкт-Петербург шаарында өткөн бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын баш байгесин дүйнөнүн үч жолку жеңүүчүсү, кыргызстандык Каныбек Сагынбаев жеңип алды. Ошондой эле Уфа шаарында бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлүп, кыргызстандык балбандар жеңиш менен кайтып келишти.
Минскиде өткөн «Евразия шаарларынын гран-при» турниринин баш байгесин кыргызстандык бильярдчы, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жеңип алды. Эми Каныбек Сагынбаев 11- октябрдан 14- октябрга чейин Санкт-Петербург шаарында өтө турган дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын коргойт.
Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) эки миң евро өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны учурунда төлөбөгөндүктөн Кыргызстандын шахмат федерациясын катарынан чыгарып салган чечимин жөнөттү. Эгемендикти алгандан бери кыргызстандык шахматчылар Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерде, шахмат олимпиадаларында таанылган эле. Ал түгүл Азиянын чемпиону, жеңүүчүсү болгон жаштардын жолу буулдубу? Шахмат федерациясынын президенти, өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаров шахматчыларга көңүлүн бурбай коюп, ФИДЕден чыгып калдыбы?
4-октябрда Пакистанда өткөн Азия Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогунун экини ирет жеңүүчүсү Нарындын «Дордой- Динамо» командасын кыргызстандык күйөрмандар зор салтанат менен тосуп алышты.
Бишкектеги республикалык Финансы полициясынын имаратынын жанында Таразда соода кылган кыргыздар үч күндөн бери нааразылык акциясына чыгышып, камалган товарларын кайрып берүүнү талап кылышууда. Ал эми финансы полициясынын кызматкерлеринин айтымында, товарлар контрабандалык жол менен ташылып баратканда кармалган.
2-октябрда Кытай Эл республикасынын Шанхай шаарында мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулардын атайын олимпиадалык 12-оюндарынын оту жанып, спорттун 21 түрү боюнча мелдештери башталды. Кыргызстандын чакан делегациясы мындай дүйнөлүк олимпиадага алгач ирет катышууда.
28-сентябрда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин отуруму болду. Ага 6 мүчө-мамлекеттин коргоо министрлеринен тышкары уюмдун катчылыгынын жетекчилери катышып, жыйырмага жакын документтерге кол коюшту.
Жакында боло турган референдум кыргыз коомчулугунда бир топ талаш-тартыштарды пайда кылууда. Бийлик менен оппозициянын ортосунда кайрадан тирешүү күчөп, кайчы пикирлер айтыла баштады. Мамлекеттин күчтүү машинасы ишке киришип, үгүт иштерин жандандырып жатат. Ал эми оппозиция эми гана эсин жыйып, элге чыгууга аракеттенүүдө.
Азербайжандын борбору Бакы шаарында грек- рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионаты болуп, мында жетимиш алты мамлекеттин балбандары күч сынашты. Мында кыргызстандык эки балбан эркин күрөштөн Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.
Белорус өлкөсүнүн Брест шаарында өткөн улан- кыздар арасындагы биринчи Евразия оюндарында кыргызстандык спортчулар жеңиш менен кайтып келишти. Алар 1 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль утуп алышты.
“В” тобунда “Дордойдун” футболчулары биринчи беттешүүдө Камбоджа өлкөсүнүн чемпиону “Кхемара” командасын каршы алып, аларды 4:0 эсебинде ишенимдүү утуп алышкан эле. Мында “Дордойдун” чабуулчусу Азамат Ишенбаев үч жолу атаандаштардын дарбазасына топту таамай багыттап, айырмаланды. Төртүнчү голдун ээси Андрей Краснов болду.
Бүгүн 21-сентябрда Пакистандын Лахор шаарында Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган мелдеш башталат. Бул турнирде былтыр баш байгени жеңип алган Нарындын “Дордой-Динамо” командасы быйыл Кубокту колдон чыгарбай сактап калууга дарамети жетеби?
Азербайжандын борбору Бакы шаарында грек-рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Базар Базаргуриев коло байгелүү болуп, Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.
Дагы жүктөңүз