"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бүгүн таң эрте Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда кыргызстандыктар Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарына катышып кайткан спортчуларды салтанат менен тосуп алышты. Алардын арасында аэропорттун кызматкерлери коло медал менен мекенине кайткан оор атлетчи Иззат Артыковго, анын машыктыруучу
Бишкек шаарынын “Достук” кичи районундагы алакандай жер анда үй салып жашап жаткан тургундар менен “Айылчы курулуш” ишканасынын ортосундагы талашка айланды. Бүгүн ал жерге салынган үйлөрдү сүрдүрүүгө келген тиешелүү кызматтарга жергиликтүү тургундар мүмкүнчүлүк берген жок.
Гүлдөрдүн падышасы болгон розаны үй шартында өстүрүп, пайда тапса болот экен. Аны Ысык-Ата районуна караштуу Эпкин айылында жашаган Жердевдердин үй бүлөсү ишке ашырып отурат. Алар мындан 15 жыл мурун 25 гектар жерди 49 жылга ижарага алган. Анын үч гектарына жалаң роза тигип, түшүмдү учурда Орусия жа
Эс алуучулар Ысык-Көлгө агылып жаткан маалда Боом капчыгайындагы таштардын беймаал кулашы, сел каптоолор жүргүнчүлөрдү чочулатууда. 30-июлда аскадан кулаган таш бир адамдын өмүрүн алып, кооптонуулар күчөдү. Айрым эксперттер кырсыктардын себебин жол курулушундагы кемчиликтерге байланыштырууда.
Кыргызстандагы жүзгө чукул диний билим берүү мекемелеринде диний окутуунун бирдиктүү стандарттары, окуу программалары жок. Мындан улам дин иштери боюнча комиссия дин жаатындагы жогорку окуу жайлар жана медреселердин ишмердүүлүгүн иретке келтирүү үчүн атайын концепция иштеп чыкты. Бирдиктүү програ
“Данистенин” бул жолку чыгаралышында Таластагы Кең-Кол өрөөнүндөгү тарыхый мүрзөлөрдүн уурдалып, талкаланып жатышы, Жалал-Абадда чек арадагы какыраган талаада пайда болгон гүлбакча, Баткендеги 55 жыл бир велосипедди тепкен аксакал, 80 жаштагы сүрөтчү апа, Италиядагы бийчи кыздар тууралуу видео ба
Бишкектеги ботаникалык бак жол тыгынын азайтуу максатында кыскартылат. Шаардык мэрия жолдун курулушу боюнча Саламаттыкты сактоо, Экотехинспекция, Илимдер академиясы менен чогуу кеңешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ботаникалык бактын жетекчилиги жолдун курулушу андагы сейрек кездешүүчү бактардын кыйыл
Кадамжайда милиционерлер катуу токмоктоду деген адам ооруканага түштү. 25 жылда Кыргызстандан 100 миңден ашуун немистер көчүп кетишкен. Баткендеги тоос кушту балдарындай көргөн ышкыбоз. Туркиядагы Улуу Памир айылын байырлаган кыргыздар таржымалы. Ушул баяндар “Данистенин” назарында.
XXXI Олимп оюндарында Кыргызстандан катыша турган грек-рим күрөшү боюнча балбан Руслан Царевдин лицензиялык дүйнөлүк мелдештеги беттештеринин айрым бир орчундуу учурлары менен тааныштырабыз. Царев ушул жылдын май айында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн дүйнөлүк лицензиялык мелдеште күмүш байге алып
Бишкекте бир катар саясий партиялар, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар паспорттон "улут" деген графаны алып салуу демилгесине каршы пикирин билдирип чыгышкан.
Кээде адамдар майыптыгына карабай жаратмандыкка умтулуп жашайт. Мына ушундай идиректүү өспүрүмдөрдүн бири - токмоктук 12 жаштагы Тилек Курманалиев. Тилек алты жашынан баспай калган.
"Данистенин" бул жолку назарына илинген баяндар: Ысык-Көлдү көздөй жылжып аккан мунайзат саркындысы экологияга кооптуу жагдай жаратууда, Нарындагы түйшүктүү балык чарбачылыгы, жай саратанда таза суусуз күн кечирип жаткан Баткендеги Алга айылынын жашоосу, Токмоктогу майып баланын жаратмандыгы.
Жогорку Сот өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карай баштады.
Орозо айды улай Биздин тилек коомдук жаштар кайрымдуулук фонду жардам акция уюштурду. 2500 сомго даярдалган тамак аш салынган эки жүз баштык Нарын шаарындагы жардамга муктаж адамдардын үйлөрүнө жеткирилди. Бул үй бүлөөлөр фондко келип кайрылган тизменин негизинде тандалган. Ар бир тамак аш салынган
Азыр өлкөдө дарбыздын соодасы кызып жатат. Бирок адистер дарбыздын бышкан учуру август айынын онунан кийин башталарын айтышат. Сергек жашоо берүсүүнүн бул жолку чыгарылышында дарбызды дүңүнөн саткан базарга барып, дарбыз сатып алып, курамындагы жер семирткичтерди текшердик.
“Данистенин” бул жолку назарына түшкөн баяндар: Балыкчы-Корумду жолунун оңдоп түзөө иштеринин айынан жүргүнчүлөр менен жергиликтүүлөр азап чегүүдө, Кочкордогу арак сатылбай калган айыл, 21 жаштагы Азиздин эко-конок үйү, Москвада орус кемпирди баккан Айкөл, дарбыз алаарда маани берүүчү нерселер.
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку баллды (237) Бишкектин №61 мектебин аяктаган Данияр Ибраимов алган. Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген ЖРТдан жогорку балл алган 66 улан-кызга 10 миң сомдук акчалай сыйлыгы бар сертификат тапшырылды.
Публицист, коомдук ишмер, “Супара”, “Чуңкурчак-Супара” этнографиялык борборлорунун, “Шоро” фирмасынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин көзү өткөнүнө бир жылдан ашты. Бирок, анын даанышмандыгы, билермандыгы менен жаратмандыгы кыргыз коомчулугуна үлгү болуп калды. Ишин артында калган алты баласы, ү
Кыргыз улуттук университетинин алдына 29-июнда 20дан ашуун адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Алар окуу жайда болуп өткөн окутуучуларды конкурстук негизде тандоо жараянынын жыйынтыгына каршы экенин билдиришти.
“Азаттык” радиосунун “Данисте” көрсөтүүсү ар шейшембиде Кыргызстандыктардын жана чет жердеги журтташтарыбыздын жашоосу, тагдыры, көйгөйү, ийгилиги тууралуу ведобаяндарды, кызыктуу кубулуштар, окуялар тууралуу тасмаларды сунуштап келет. Бул жолку “Данистеге” кирген баяндар: Ысык-Атадагы кайрылм
Дагы жүктөңүз