"Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны ишин баштады. Жыйын Борбор Азиядагы коопсуздук үчүн диалогду күчөтүү маселесине арналган. Жыйынга уюмдун курамындагы 46 өлкөдөн 160дан ашык парламентарий келди.
Көзөмөл органы мурдагы премьер-министрге карата басым боюнча иш козгоодон баш тартты.
Ушу күндөрү дүйнөлүк медианын көңүлү АКШнын Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Бретт Кавано айланасындагы кырдалга бурулуп турат. Президент Трамп көрсөткөн судьяга талапкердин студент кезиндеги айрым жоруктар коомчулуктун талкуусуна түшүп, ФБР баш болуп иликтөөдө.
Башкы прокуратура АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич менен тергөөчүлөр жолукканын ырастады.
Жогорку Кеңеш Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлады. Аны бул кызматка Социал-демократтар фракциясы сунуштаган. Көп жылдардан бери атайын кызматта иштеген 65 жаштагы генерал Мамытовду акыйкатчылыкка шайлоону парламенттин жарандык коомдун пикири менен эсептешпегени катары сындашууда.
ТИМ Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан алууну сунуштады.
Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун айланасында өз кызыкчылыгын көздөгөн күчтөрдүн пайда болгонунун белгилери байкалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Азаттыктын” 2x1 эксклюзив маегинде билдирди.
Мамлекеттик каттоо кызматы Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды.
Жогорку сот Кыргызстандагы соттордун ишине канааттануу боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады.
Ыйгарым мөөнөтү аяктап жаткан Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
"Белизгейт" жаңжалы боюнча Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатат.
“Азаттыктын” талкуусуна мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев, Жаш ишкерлер ассоциациясынын бшкармалык төрагасы Темирбек Ажыкулов жана "Легпром" жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов катышты.
Кыргызстанда бизнеске мамлекеттик органдар бут тосушат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда бизнеске мамлекеттик органдар бут тосуп, тоскоол болуп жатканы айтылды.
Кыргызстанда Журналисттик иликтөөлөр фондунун бет ачары болуп, ишин баштады. Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн соң түзүлгөн фонд өлкөдөгү коррупциялык жана терс көрүнүштөрдүн ашкерелөөгө багытталган иликтөө долбоорлорду колдоого алууну көздөп турат.
14-сентябрда Кыргызстанда Журналисттик иликтөө фондунун бет ачары өтүп, ишин баштады.
Жогорку Кеңеште "Датка-Кемин" линиясын курууга алынган насыянын пайдаланышын текшерүү демилгеси көтөрүлдү.
Өлкөдөн чыгып кеткен Аскарбек Шадиевди депутаттык мандаттан ажыратуу маселеси карала элек.
Анкара "Сапат" мектептеринин мүлкүн "Маариф" фондуна өткөрүп алууну көздөрүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси айтты.
Саясатчылардын дин тууралуу билдирүүлөрү жана диниятчылардын ар кыл чакырыктары Кыргызстан үчүн кандай көрүнүш?
Дагы жүктөңүз