Кыргыз прозасы социалисттик реализмдин алкагынан качан чыгат, кайсы темалар айтылбай көмүскөдө калууда, келечекте эмнелерге көңүл бурушу керек деген суроону кайра козгоду.
Абдыганы Эркебаевдин он эки бөлүмдөн турган “Бар бол, Адабият!” китеби адегенде “Кыргыз туусу” гезитинин жети санына жарыяланган.
Академик китеп илимий-академиялык же нукура сын мүнөздө эместигин, жалпы баам, учкай сынды чагылткан эссе сыңары жазылганын белгилеген.
Бир канча жылдык өмүрүн саясий, коомдук иштерге арнаган автор адабиятка болгон сүйүүсү, анын тарыхына, ал-абалына жана келечегине кызыгуусу өчпөгөнүн кошумчалаган.
Абдыганы Эркебаев
“Адабиятыбыз жоголбойт, өлбөйт. Ага канча кыйынчылык болсо да ар кимдин жеке аракети, мамлекеттик колдоо менен китептер жазылып жатканы далил. Мурдагыдай мыкты эмес, ошентсе да бар. Ар бир чыгармачыл инсан чыгармачылыгын таанытууга өзү аракет кылышы керек. Бирөөгө, өкмөткө ишенүү өткөн замандын калдыгы. Адабияттын үлгүсү байыркы Египетте пайда болгон. Азыр деле өнүгүп жатат. Нобель сыйлыгын Нагиб Махфуз деген жазуучусу алган. Адам бар жерде чыгармачылык, тил жашай берет. Француз жазуучусу, ойчулу Жан Поль Сартрдын “Адабият деген эмне?” деген китеби бар. Ошол жерде ал адабияттын тарыхын изилдеп келип “Жазма бар жерде адабият жоголбойт” деп айткан. Мен дагы ошону айткым келет”, - дейт Абдыганы Эркебаев.
Академик өз эмгегинде авторлорду бир канча муунга бөлгөн. "Алтымыштар ашкандар" деген бөлүмдө Султан Раев, Арслан Койчиев, Топчугүл Шайдуллаева, Каныбек Иманалиев, Ишен Айтмамбетов баштаган жазуучулардын чыгармачылыгына токтолгон.
Эркебаев сөз кылган "Тагай бий" повестинин, "Шабдан баатыр" романынын автору, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев эгемендик жылдары кыргыз адабияты үчүн бир жагынан чоң сыноо, экинчи жагынан чоң мүмкүнчүлүк болду деген пикирде.
Каныбек Иманалиев.
“Бир кезде Айтматов деген караан өзү менен кошо чоң таланттарды ээрчитип келген. Ошону менен катар адабий сынчылар өсүп чыккан. Экөө диалектикалык негизде өнүгөт окшойт. Келерки жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде акын-жазуучуларды, адабиятчыларды чогултуп, Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына карата эл аралык жыйын өткөргөнү жатабыз. Мындан ары адабият кандай жанрларда өнүгүшү мүмкүн экенин талкуулайбыз. Себеби, айрым жанрлар жоголуп кетти да. Киносценарист жок, драма жазган бир-эки эле киши калды. Айрым жазуучулар новелла эмне, эссе эмне өздөрү айырмалай албайт. Мурда Москвадан адистер келип адабият теориясын окутуп турушчу да. Чындап келсе, чыныгы чыгарма жазыла турган учур азыр келди. Азыркы адабияттын каарманы ким? Сыртта жүргөн мигрантпы же насыя алып алданып калган жесир аялбы? Эгер азыр Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо ушул күндүн портретин сонун кылып тартып коймок. Орусиялык Козлов деген футуролог алдыңкы элүү жылда маданияттын үч эле түрү - шоу, анимация жана эротика каларын айтып жатат. Бизде классикалык адабият алардай киреше таба албайт. Демек, мамлекеттин колдоосу керек. Кытай менен Жапонияда балетти, операны кийин жоголуп кетиши мүмкүн деп 3D видеого жаздырып сактап атышат. Биздей кичинекей элдердин маданияты, тили эмне болот?".
"Адабий сын - абийирдин иши"
“Кыргыз Туусу” гезити уюштурган соңку адабий талкууда адабий сынды кайра жандандыруу маселелери сөз болду.
Адабиятчы, окумуштуу Лайли Үкүбаева айрымдар айткандай, адабий сын жоголуп кетти дегенге кошулбайт.
Окумуштуу муну менен катар Эркебаев жаңы китебинде адабият таануу жана сынга бир жарым гана барак арнаганына көңүл бурду.
Лайли Үкүбаева.
“Адабият жазыла бериши мүмкүн. Бирок сын болбосо көркөм-эстетикалык табит өспөйт. Кыргыз адабиятында сын өнүкпөй калды деген туура эмес. Адабият кандай жазылса, ошондой эле жазылып келет. Болгону мурдагыдай сынды жарыялоо мүмкүнчүлүктөрү чектелип калды. Мурда сын мезгилдүү басма сөздөргө басылып турчу, бүгүн гезит-журналдар чыкпай калды. Абдыганы Эркебаев бул китебинде адабияттын ар бир этабына токтолуп, анын өкүлдөрүнө обзор берген экен. Жөн эле санап койбостон акын-жазуучулардын артыкчылыгы менен кемчиликтерин учкай айтып өткөн. Албетте, китепке көп чыгармалар кирген эмес. Адабият таануу, сынга бир жарым эле барак берип коюптур. Бул китеп дагы толукталып чыгышы керек”.
Лайли Үкүбаева эгемендик жылдары Бекен Назаралиев, Эркеалы Өскөнбаев, Мелис Макенбаевдин чыгармалары кыргыз адабиятында өз ордун тапканын кошумчалады.
Эркебаев китепте капитализм шартында адабий сын жазуу менен атакка жетип же дөөлөт табуу кыйын экенин, бул ишти колго алуу абийирдин жана ыймандын гана иши экенин айткан.
Акын, публицист Жыргалбек Касаболотовдун жакында эле жарык көргөн "Сын китебине" оң баасын берген.
Дагы караңыз "Сын китеп" кыргыз адабиятына жаңы дем береби?Жыргалбек Касаболотов өзү учурдагы адабий сын окурманга багыт бере тургандай жазылышы керек деген пикирде. Муну менен катар кыргыз адабиятындагы эки чоң өксүккө токтолду.
“Адабий сын эки багытта кетип баратат. Бири жалпы жонунан сүрөттөгөн обзордук макалалар болсо, экинчиси жекеге өтүп жер менен жексен кылып, жеке мамиледен өйдө көтөрүлө албаган же көкөлөтүп мактаган макалалар. Илгеркидей Кадыркул Даутовдун, Кеңешбек Асаналиевдин деңгээлиндеги макалалар аз. Азыр маалымат көп, социалдык тармактардын күчөшү менен ар кандай чыгармалар жазылып, окурман аларды тандай албай жатат. Ушундай маалда адабий сын кайсы чыгарманы окуу керектигине багыт бергидей жазылышы керек эле. Анан биздин адабиятта эки чоң көйгөй бар. Биринчиден, котормо өнүкпөй жатат. Дүйнө адабиятын орус тилин ортомчу кылып которуп келебиз. Андан кетип түп нускадан которууга жетишүү керек. Экинчиси, балдар адабиятына такыр көңүл бурулбай калды. Авторлор кооздоп жазсак эле балдар окуйт деп ойлошот. Бирок азыркы балдардын табити такыр башка. Ушул экөөнү колго алып, өнүктүрсөк кооздоп жазганга жетишет элек”.
Дагы караңыз Нуралы Капаров: Акындар чабал ырын өрттөп салсаАкын Нуралы Капаров калемгерлерге жол көрсөтүп турганга сынчылар керек экенин белгиледи. Ал жакшы жазуучу сын дагы жазып турушу керек дейт.
"Мурда таланты барлар жазчу. Азыр шыгы бары да, жогу да жазып атат. Азыр электрондук китептер чыгып жатат. Элдин башы адашып, эмне жакшы, эмне жаман экенин талдай албай калды. Чабал чыгармалар окурмандардын табитин өлтүрөт да. Адабият профессионал сынчы, адабиятчылардын көзөмөлүндө турганы жакшы. Акын-жазуучуларга жол көрсөтүп, ишин оңдоп турган интеллигенция болушу керек. Сынчылыкка да даярдык керек да. Азыр саналуу эле сынчылар бар. Мындай учурда жазуучулар өздөрү дагы сын жазып турушу керек. Чыңгыз Айтматов убагында далай сын макалаларды жазган".
"Социалисттик реализмден кетсек"
Абдыганы Эркебаев китептин соңунда колунан келсе да, келбесе да роман жазгандар көбөйгөнүнө кейиген. Бир катар тарыхый романдардын кемчиликтерине учкай токтолгон.
Публицист, адабиятчы Амирбек Усманов кыргыз адабияты адамды идеалдаштырган социалисттик реализмден кетиши керек деген пикирде.
Амирбек Аззам уулу.
"Нуралы Капаровдун "Досума кат" деген китебинде "Той болор алдында" деген чыгармасы бар. Эрнис Турсунов менен Салижан Жигитовдун досчулугун, кишилик сапаттарын, кемчиликтерин абдан сонун жазган. Же болбосо Шайлообек Дүйшеевдин "Агындылар" китеби. Аны адабий чөйрө эле эмес, жөнөкөй окурмандар да кызыгып окубадыбы. Себеби, анда биз жашаган доор, чөйрө кандай болсо ошондой жазылган. Эч кимди идеалдаштырган эмес. Чыгарма ошондой болуш керек. Азыр Бишкектин дүкөндөрүнө барсаң китеп жайнайт. Көбү бирөөлөрдү мактаган чыгармалар. Улуттук деңгээлге чыкпаган баатырларды ушундай эпитеттер менен сүрөттөшөт".
Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев кыргыз адабияты сандан сапатка өтүшү керек экенин белгиледи.
"Мен жакында Өзбекстанда, Азербайжанда болдум. Китептин түрдүүлүгү жагынан алдыда экенбиз. Бирөө санжыра, бирөө тарыхты жазат. Мигранттар эле эки-үч том жазып койду. Бирок көйгөй да жок эмес. Жакшы редактор жок, китептер стилистикалык, орфографиялык каталар менен чыгып жатат. Шрифт майда болгондуктан кээ бир китептерди окуй албайсың. Бүгүн биз сандан сапатка өтүүгө тийишпиз. Мен мурда кыргыздын жаш акындары күчтүү деп ойлочумун. Себеби, бизде эркиндик, демократия бар да. Бирок жакында Өзбекстанда болуп, бул оюмдан кайттым. Жаш өзбек акындарынын билими, дүйнө таанымы кыйла жогору экен. Ал жазган ырларында кашкайып көрүнүп турат. Ыр окуу чеберчилиги да бийик, өзгөчө экен. Навоинин стилинде ыр жазгандар бар экен. Жаштар арасына барса сүйүү жөнүндө, китепканага барса Ата Мекен жөнүндө, Амур Темирдин эстелигине барса өмүр жөнүндө ыр окушат экен”.
Дагы караңыз "Адабиятты таанытуу үчүн билим керек". Кыргыз калемгерлери эмнеден аксайт?Абдыганы Эркебаев бир катар илимий-адабий эмгектердин автору. Анын жаш кезинде жазган "Очеркист чалгындан кайтканда", андан кийинки "Азыркы аңгеме жөнүндө сөз", "Повесть жанрынын кээ бир маселелери", "Кыргыз романдарынын контрасттары" ж.б. сын макалалары адабий чөйрөдө кызуу талкуу жараткан.
Абдыганы Эркебаев 1990-жылдары саясатка аралашып, Жогорку Кеңештин депутаты, кийин эки жолу спикери болгон. Бир катар саясий-коомдук кызматтарды аркалаган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында Кыргызстанда 2024-жылы басылып чыккан китептердин 58% ашыгы кыргыз тилинде жазылган. Анткен менен басма үйлөрү жана китеп дүкөндөрү окурмандардын саны азайганын айтып келишет.