БШК: Парламенттик шайлоодо талапкерлер үгүткө 1,5 млрд сом сарптады

Кыргызстандын валютасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда 30-ноябрда өткөн шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржылоосу тууралуу жалпы маалымат таратты.

Анда айтылгандай, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өз-өзүнчө, ал эми 9 талапкерди көрсөткөн “Ынтымак” саясий партиясы чогуу шайлоо фонддорун түзүштү. Натыйжада БШК белгилеген “Элдик Банкта” жана “Айыл Банкта” 510 атайын эсеп ачылды.

29-ноябрга карата бул эсептерге 1 млрд 791 млн сом түшкөн. Бул сумманын ичинен 1 млрд 582 млн сом шайлоодогу үгүт иштерине сарпталып, 209,2 млн сом пайдаланылбай калды.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. 4 294 243 шайлоочунун 1 584 446 добуш берүүгө катышты. Бул жалпы көрсөткүчтүн 36,90% түзөт.

Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты. Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси иштеди. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке, чет өлкөлөрдө - 34 мамлекеттин 89 шаарында жалпы 100 шайлоо тилкеси ачылган. (ErN)

Дагы караңыз

Ошто милиция добуш сатып алуу жөнүндө айтылган видеону текшере баштадыПутин Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү буйругуна кол койдуГрузия жыл башынан бери миңден ашуун чет элдик жаранды чыгарды"Көп сырдын бети ачылмак". Абыкеев Бакиевдин жагдайына токтолду