Жаңылыктар | 27.11.2025 | Күйүүчү май тартыштыгы: Кыргызстан Орусия менен жаңы келишим түздү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 2026-жылы күйүүчү майды сатып алуу жана ташуу боюнча Орусия менен жаңы келишимге кол коюлганын билдирди. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарында жетишилген келишим Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлгөнүн айтты. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазды.