АКШ-Украина сүйлөшүүсү "жемиштүү" өттү. Согуш жакында токтойбу?

Кошмо Штаттардын мамкатчысы Марко Рубио жана Украинанын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров Флоридада. 30-ноябрь, 2025-жыл.

АКШнын Флорида штатында Вашингтон менен Киевдин делегациялары жолугуп, согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Америка тараптан сүйлөшүүгө президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф жана мамлекеттик катчы Марко Рубио катышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул жолку жолугушуу "абдан жемиштүү" болгонун айтканы менен Украинадагы согушту токтотуу планында дагы тактай турган маселелер бар экенин кошумчалады.

"Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн cоң жана бул жумадагы окуяларга улай дагы бир жемиштүү жыйын өттү. Бирок аткара турган иштер көп", - деди Рубио 30-ноябрда журналисттерге. Бирок эмне иштер экенин так айткан жок.

Мамлекеттик катчы талкууда талаштуу маселелер бардыгын жана бул маселе Орусиянын позициясынан да көз каранды экенин кыйытты.

"Cүйлөшүүлөр дагы уланат. [Ак үйдүн атайын өкүлү Стив] Уиткофф Москвага барат. Биз Орусия тарап менен ар кандай деңгээлде байланышып жатабыз, алардын көз карашын да жакшы түшүнүп калдык", - деди Рубио.

Украин делегациясын жетектеп барган Коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров сүйлөшүүлөрдү "маңыздуу жана ийгиликтүү" деп сыпаттады.

«Флоридада оор жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктадык. Адилеттүү тынчтыкты орнотуу боюнча алдыга карай олуттуу жылыш бар", - деп жазды ал Телеграм-каналына.

Умеров да сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайына токтолгон жок. Ал болгону алдыда бул багытта иш көптүгүн кошумчалады.

"Франц-пресс" агенттиги украин делегациясындагы жакын булагына таянып, сүйлөшүү "оңой болбогонун" жазды.

АКШ менен Украинанын өкүлдөрүнүн жолугушуусу Майаминин түндүгүндөгү Халландейл шаарында өттү.

Флоридадагы сүйлөшүүгө катышып жаткан АКШ менен Украинанын өкүлдөрү.

Ал эми 1-декабрда Вашингтондун атайын чабарманы Стив Уиткофф Москвага барып, Орусиянын жетекчилери, анын ичинде президент Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө. Жыл башынан бери бул Путин менен Уиткоффтун алтынчы жолугушуусу болмокчу.

30-ноябрдын таңында Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ тарап "конструктивдүү мамиле" жасап жатканын, жакынкы күндөрдө "согушту адилеттүү токтотуу жолун» аныктоо боюнча кадамдар иштелип чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

Кийин Зеленский Еврокомиссиясынын жана НАТОнун жетекчилери менен сүйлөшүп, "позицияларды координациялоо" жүрүп жатканын айтты.

"[НАТОнун баш катчысы] Марк Рютте менен сүйлөштүм, ал жактагы диалогду жакынкы күндөрү улантабыз", - деди украин лидери.

Еврокомиссия жетекчиси Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшкөндөн кийин Зеленский Еврокомиссия менен ишти толук координациялап жатышканын айтып, колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

АКШ 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуштары менен Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү шашылыш өз сунуштарын иштеп чыгууга киришти.

Анткени серепчилер Ак үйдүн планында көбүрөөк Орусиянын кызыкчылыгы жакталып калгандай деп белгилешет.

Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алышты.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага жөн жерден кол салгандан бери ар кандай эсептер боюнча эки тараптан миллионго жакын адам набыт болду же оор жаракат алды.

Ал арада Франциянын бийлиги президент Эммануэл Макрон 1-декабрда Парижде Владимир Зеленский менен жолугарын, алар адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыктын шарттары туралуу сүйлөшөрүн билдирди.

Макрон Киевди эң туруктуу колдогон лидерлердин бири.

Американын 28 пункттан турган планы өткөн аптада маалымат каражаттарына жарыяланып кеткенде украин жетекчилери бейпайга түшкөн. Киевди нес кылып, алтургай Зеленскийдин кыжырын келтиргени маалым болгон. Андан кийин украин делегациясы Рубио жана башка АКШ өкүлдөрү менен Женевада өз алдынча сүйлөшүү өткөргөн.

Маалыматка караганда, Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19 пункттан турган жаңы документ иштелип чыкты. Бирок андагы бир катар маанилүү маселелер али чечилбей турат. Алардын ичинде Донбасстын бир бөлүгүнүн келечеги, Украинанын НАТОго кошулуусу, Киевдин куралдуу күчтөрүнүн ыктымал кыскартуусу сыяктуу курч маселелер турат.

Оор жума соңуна чыкты

Албетте, өткөндө жуманын солк эттирген окуясы Зеленскийдин жакын санаалашы, администрация башчысы Андрей Ермактын кызматтан кетиши болду.

Ал 28-ноябрда коррупцияга каршы мекемелердин өкүлдөрү украин лидеринин эң ишенген санаалашынын кеңсесин жана батирин тинткенден көп өтпөй Ермак арызын тапшырган. Ал эми тинтүү Украинанын электр энергиясы тармагындагы коррупциялык чуунун алкагында өттү.

Бул иштин айынан эки министр буга чейин эле кызматынан алынган.

Дагы караңыз Украина: Зеленскийдин эң жакын өнөктөшү Ермак кызматтан кетти

Азырынча Зеленскийди бул схема үчүн эч ким түз күнөөлөй элек болсо да, бул анын алты жылдык президенттик мөөнөтүндөгү эң эле чоң саясий кризис болуп калды.

Ал ортодо украин армиясы согуш талаасында Орусиянын жакшы жабдылган аскерлерине туруштук бергенге аракет кылууда. Андан тышкары украин күчтөрү Орусиянын ичиндеги обьектилерди, айрыкча мунай жана энергетикалык түзүмдөрду дрон менен бутага алууда.

Ошол эле учурда Украинанын башкы чалгын кызматы Кара деңизде эки мунай ташуучу кемени дрондор менен бутага алганын чагылдырган видео жарыялады.

Бул кемелердин каттоосу жана кайсы өлкөгө караштуу экени так эмес болуп, Орусияга мунайды экспорттоого жана Батыш санкцияларын айланып өтүүгө жардамдашып келишкен.