Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 2026-жылы күйүүчү майды сатып алуу жана ташуу боюнча Орусия менен жаңы келишимге кол коюлганын билдирди.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон мамлекеттик сапарында жетишилген келишим Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талапты эске алуу менен түзүлгөнүн айтты. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттиги жазды.
Данияр Амангелдиевдин сөзүнө караганда, Орусия Кыргызстанга жыл сайын 1 млн тонна күйүүчү май сатса, жаңы келишим боюнча бул көлөм 1 млн 200 миң тоннага көбөйтүлдү.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93% Орусиядан импорттолот.
Кыргызстанда соңку эки-үч айда эле күйүүчү майдын чекене баасы литрине 3,5-4 сомго чейин кымбаттады. Буга чейин Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн экенин, буга Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып кеткени себеп болуп жатканын билдирген. (BTo)