Таалатбек Масадыков ЖККУнун жаңы башкы катчысы болот

Таалатбек Масадыков.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы болуп Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалды жана ал ишин 2026-жылдын 1-январынан тарта баштайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков 24-ноябрда Москвада журналисттер үчүн уюштурулган брифингде билдирди.

Ушаков бул кызматты 2023-жылдан бери аркалап келе жаткан Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетовдун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганын жарыялады. Уюмдун уставына ылайык, башкы катчы үч жылдык мөөнөткө дайындалат.

Таалатбек Масадыков учурда ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп жаткан.

Тасмагамбетов ЖККУнун Бишкек саммитинде уюмдун иши тууралуу баяндама жасамакчы жана ага уюмдун ардактуу белгиси тапшырылат.

Таалатбек Масадыков 1961-жылы Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында төрөлгөн. 1984-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн, эл аралык байланыштар боюнча адис. 1984-1986-жылдары СССР Коргоо министрлигине караштуу Москвадагы аскердик институтта окутуучу болгон. Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрү институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган. 1987-жылы Ооганстанда котормочу, уруулар маселеси боюнча адис болуп эмгектенген.

2000-жылы Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебине тапшырып, билим алган. Эки жылдан кийин Улуттар Уюмунун Саясий маселелер боюнча департаментине чакырылган. Андан кийинки 13 жыл бою Ооганстан, Пакистан, Иран боюнча иштеп, 2014-жылдын аягында мекенине кайтып келген. 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан.

2021-жылы Масадыков Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, кийин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болуп да иштеген.

Дагы караңыз

Экстремисттик деп табылган "Клооптун" мурдагы операторлору пробация менен бошотулду ТАСС: Армения ЖККУнун Бишкек саммитине катышуудан баш тартты"Фонтанка": Орусия жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрдү Британ агенттиги арам акчаны адалдаган түйүн "Керемет банкты" сатып алганын билдирдиВладимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келетМинистрлик Чечейбаевдин дарыканаларды азайтуу тууралуу айтканына түшүндүрмө берди ЖККУнун Бишкек саммитинен улам шаардагы мектептер, окуу жайлар онлайн окууга өтөтТемирлан Султанбеков өзүнүн камалышын шайлоо менен байланыштырдыМанас шаарындагы калайман мушташка байланыштуу 22 адам камалды