"Фонтанка": Орусия жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия жыл башынан бери 160 миңден ашык чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салды. Бул тууралуу "Фонтанка.ру" сайты Ички иштер министрлигинин Миграциялык кызматынын өкүлү Алексей Гасакка шилтеме кылып жазды.

Анын ырасташынча, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларын аныктоо 45%, жасалма миграциялык документтерди табуу 22% өскөн. Ошондой эле көп чет өлкөлүктөр иштеген базарларда, курулуштарда, соода борборлорунда, мейманкана жана жатаканаларда мигранттарга каршы жалпы 200 миңден ашык рейд уюштурулган.

"ДумаБинго" долбоору орус парламенти 2021-жылдан бери мигранттарга каршы жалпы 73 мыйзам долбоорун караганын иликтеп чыккан. Мамлекеттик Думага документтердин теңинен көбү Москвадагы "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан келген.

2024-жылы “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат.

Дагы караңыз

ТАСС: Армения ЖККУнун Бишкек саммитине катышуудан баш тарттыБритан агенттиги арам акчаны адалдаган түйүн "Керемет банкты" сатып алганын билдирдиВладимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келетМинистрлик Чечейбаевдин дарыканаларды азайтуу тууралуу айтканына түшүндүрмө берди ЖККУнун Бишкек саммитинен улам шаардагы мектептер, окуу жайлар онлайн окууга өтөтКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору: үч өлкөнүн өкүлдөрү жолукту ӨКМ: Сүлүктүдө уранды алдында калган төрт шахтер куткарылдыТемирлан Султанбеков өзүнүн камалышын шайлоо менен байланыштырдыМанас шаарындагы калайман мушташка байланыштуу 22 адам камалды