Орунбеков "Керемет банкка" байланышкан чууга түшүндүрмө берди

Дайырбек Орунбеков

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков арам акча адалдаган түйүндүн “Керемет банкты” сатып алышы жана аталган банкка киргизилген санкциялык чектөөлөр боюнча жооп берди.

24-ноябрда “Фейсбуктагы” баракчасына жазган билдирүүдө Орунбеков Орусиянын банктары менен кызматташпай коюу Кыргызстандын каржылык туруктуулугуна жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө зыян келтириши мүмкүн экенин айткан.

“Бүгүнкү күндө Орусияда 1 миллионго жакын мигранттар, мекендештерибиз иштеп жүрүшөт. Алар күн сайын Кыргызстандагы туугандарына миллиарддаган рубль акча каражаттарын ошол эле Сбербанк жана башка банкттар аркылуу жөнөтүшөт. Бул рубл Кыргызстанда конвертацияланып, мигранттардын туугандарына сом менен берилет. Рубл болсо кайра эле Оруссияга товар сатып алуу үчүн жөнөтүлөт. Кантип? Биз, Кыргызстан Орусиядан мунай, газ, метал, буудай, азык-түлүк түрлөрүн, курулуш материалдарын сатып алабыз”, - деген Орунбеков Кыргызстандагы банктарды Орусиянын банктары менен кызматташып жатасыңар деп, Батыш мамлекеттеринин санкция киргизишин өлкөнүн өнүгүп келаткан экономикасына "бут тосуу, жамандык жасоо" катары баалаган.

“Керемет Банк” быйыл жыл башында АКШнын, Британиянын санкцияларына кабылган. Кыргыз өкмөтү банктын санкцияга кириптер болушун негизсиз деп атап, аны “кара тизмеден” чыгарууга бир топ аракет жасап келет.

Алтургай президент Садыр Жапаров сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз банктарын (“Капитал Банкты” кошо) тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган. Ал банктарга салынган санкцияларга негиз берген бир да факты жок экенин айткан.

Ал эми Орунбеков өз билдирүүсүндө "арам акча адалдаган түйүндүн сатып алышы" тууралуу башка маалымат жазган эмес.

Буга чейин Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшкөн улуттук агенттиги "Керемет банкты" эл аралык санкциялардан буйтап, орус согушкерлерин колдогон төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арам акчаны адалдоо менен алектенген эл аралык түйүн сатып алганын билдирген.

Маалыматка ылайык, бул банк кылмыштуу түйүндүн ээлери менен байланышы бар Altair Holding SA компаниясынын колуна өткөн жана Орусиянын согуштук-өндүрүштүк комплексин колдогон “Промсвязьбанктын” эл аралык төлөмдөрүн жүргүзүүгө жардам берген.

"Керемет банк" бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.

Былтыр жыл аягында Кыргызстандын Финансы министрлиги "Керемет Банктын" 75% акциясын Altair Holding SA деп аталган люксембургдук компанияга 6,5 млрд сомго сатканын жарыялаган. Министрлик банктын 97,45% акциясын жарым жыл мурдараак эле 8,5 млрд сомго жакын каражатка сатып алган.

Расмий маалыматтарда Altair Holding SA эл аралык инвестициялык компания катары сыпатталат. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, компания финансы системалары менен криптовалюта тутумдарын колдонуу менен кылмыштуу каражаттарды адалдоо боюнча эл аралык схемаларды уюштуруп иштеген Георгий Россиге таандык. Быйыл августта Altair Holding SA эл аралык санкцияга кабылган.

Дагы караңыз

Австралияда 16 жашка чейинки балдарга соцтармактарды колдонууга тыюу салындыБритан агенттиги арам акчаны адалдаган түйүн "Керемет банкты" сатып алганын билдирдиТүркмөнстанда эки суу сактагыч кургап калды