Манас шаарындагы калайман мушташка байланыштуу 22 адам камалды

Милиция тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарында 19-ноябрга караган түндөгү калайман мушташка байланыштуу 22 адам соттун чечими менен бир айга камалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмү кабарлады.

"19-ноябрга караган түнкү саат 01:00 чамасында Спутник кичи районунда 15-20дай топ бала бири-бирине таш ыргытып, урушуп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү матерталдар чогултулуп, видеоматериалдар алынган. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Мушташка катышкан 23 баланын тек-жайы такталган. Учурда алардын 22си шаардык соттун чечими менен бир айга камакка алынды. Бир жаран ооруканада дарыланууда, анын жоопкерчилиги ооруканадан чыккандан кийин каралат",-деп жазылган маалыматта.

Шаардык милиция калайман мушташ эмнеден улам чыкканын тактаган жок. Кармалгандардын жактоочулары жана жакындары комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

Темирлан Султанбеков өзүнүн камалышын шайлоо менен байланыштырдыӨКМ: Сүлүктүдө уранды алдында калган төрт шахтер куткарылдыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору: үч өлкөнүн өкүлдөрү жолукту CNN: Рубио Украинадагы согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтты