Бангладеште зилзала беш адамдын өмүрүн алды, жүздөн көбү жабыркады

Бангладеш

Жума күнү Бангладеште күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде беш адамдын өмүрү үзүлүп, жүзгө жакын киши жаракат алды.

Расмий маалыматка караганда, зилзала өлкөнүн көп аймактарына, анын ичинде калкы жыш жайгашкан борбор калаа Даккага да зыян келтирди.

Жердин титирегени Бангладеш менен чектеш Индиянын чыгыш аймактарында да сезилгени кабарланды.

Убактылуу өкмөттүн башчысы Мухаммад Юнус жаракат алгандардын арасында Дакка университетинин студенттери, Газипурдагы фабрика жумушчулары жана жер титирөөнүн очогу болгон Нарсингди шаарынын тургундары бар экенин айтты.

Дарыгерлердин айтымында, Даккадан 40 чакырым чыгыштагы Нарсингдиден ооруканага жеткирилген бир нече адамдын абалы өтө оор.

Быйыл жазында Бангладеш менен чектешкен Мьянмада болгон катуу жер титирөө 1700дөй адамдын өмүрүн алган. Анда силкинүүнүн күчү 7,7 магнитудага жеткен.

20-ноябрда Кыргызстандын аймагында 3,5 баллды түзгөн жер титирөө катталды.

Дагы караңыз

Абдыганы Эркебаевдин "Бар бол Адабият" аттуу китеби жарык көрдү "Дордойдо" "Базар" системасы аркылуу он айда 727 млн сом салык жыйналдыКой-Таш иши боюнча соттолгондор тергөө абагынан колонияга которулду