Жаңылыктар | 18.11.2025 | Адам өлтүрүүгө шектелип эки милиция кызматкери кармалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында Эрлан Батыралиев аттуу жаран ур-токмокко кабылып, ошол эле күнү ооруканада каза болду. “Адам өлтүргөн” деп шектелип төрт киши кармалды, анын экөө милиция кызматкери. Маркумдун жакындары окуянын чоо-жайын айтып берип, адилет териштирүүнү талап кылууда.