Манас шаарында калайман мушташка катышкандар кармалды

Жалал-Абад милициясы тараткан сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында бири-бирине таш ыргытып, калайман мушташка катышкандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 19-ноябрга караган түнү саат 01:00 чамасында шаардын Спутник кичи районунда 15-20 киши бири-бирине таш ыргытып, урушуп жатканы тууралуу кабар түшкөн.

Окуяда жараат алган 22 жаштагы Э.Б аттуу жаран Сузак райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милициянын билдиришинче, факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, "Бейбаштык" беренесинин негизинде иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга шектүү катарында Манас шаарынын 22-23 жаштагы 11 тургуну аныкталып, кармалды.

Учурда тергөө жүрүп жатат. Азырынча мушташтын себептери айтыла элек. (КЕ)

Дагы караңыз

Жапаров кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр салып жаткан мечит тууралуу түшүндүрдүВан И кытайлык жарандарга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо тууралуу эскертилгенин айттыШайлоо: БШК дагы 81 эл аралык байкоочуну каттады Тернополдо Орусиянын чабуулунан каза болгондор 26га жетти