Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Москвада ШКУнун жыйынына катышат

Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-18-ноябрда жумуш сапары менен Орусияга барат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.

Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат.

Кийинки жылы ШКУга Кыргызстан төрагалык кылат.

Уюмга Беларус, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Андан сырткары эки байкоочу мамлекет жана 14 өнөктөш өлкө бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын төрт даана С-400 комплексин жок кылганын билдирди Министр Кулубаев кытай жарандары катышкан жаңжал боюнча маалымат бердиОор жүк ташуучу автоунааларга көзөмөл күчөтүлдүБритания мыйзамсыз мигранттарга туруктуу жашоого уруксат берүү мөөнөтүн беш жылдан 20 жылга көтөрөт