Биринчи Май райондук сотунда 11 иликтөөчү журналисттин бөгөт чарасы каралды. Алардын бири Жоодарбек Бузумов 12-майга чейин камакта калтырылды.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 12-марттагы чечими менен “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов жана “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков жана 21 жаштагы кабарчы Айке Бейшекеева дагы эки айга камакта калды.
Бул тууралуу ушул тапта сотто жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.
Биринчи Май райондук сотунда ушул тапта калган журналисттердин да бөгөт чарасы каралып жатат.
Райондук сот 12-мартта “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарды.