20-октябрь күнү спорт мектебинин элүүдөн ашык тарбиялануучусу кошуна №38 мектептин имаратына бастырып кирип, окуучуларды сабаган. Бул окуяны тиешелүү тараптар териштирип, Ички иштер министрлиги Кылмыш кодексинин ээнбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Адистер бул окуяны адатка айланган мектеп рекетчилигинин бир көрүнүшү катары баалашууда. Бул өңдүү окуялардын кесепеттери менен кантип күрөшүп, кантип алдын алса болот?
Мектеп окуучуларынын тартибин көзөмөлдөө мугалимдердин эле эмес, милициянын өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлерине да таандык милдет. Баткенде инспекторлор азыр иш убактысынын көпчүлүгүн мектептерде өткөрүү аркылуу тартипти көзөмөлдөөгө өтүштү.
Жалал-Абадда ата-энелер менен мектеп биргелешип, окуучулардын рекетчилигин азайтуу аракетин көрө баштады. Ата-энелер фондунун каражатынын эсебинен азыр аймактагы 472 мектептин 24 мектебине видеокөзөмөл орнотулду.
Укук коргоочулар мектептеги бейтартип көрүнүшкө, балдарды туура тарбиялоого коом кошкөңүл мамиле жасаганы үчүн жапырт күрөш жүрбөй, айрым аракеттер натыйжа бербей жатат дешет. Рекетчиликке каршы ата-эне, бала, мектеп, коомчулук жапырт күрөшүүгө эмне тоскоол болуп жатат?
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Жеңиш Айдаров
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
-
Руслан Калматов
"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
-
Зайырбек Ажыматов
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.