"Бабановдун иши туура эмес" козголгонун айтып жатышат. Биз укуктук мамлекетпиз. Бизде мыйзам, система иштеши керек, эч ким мыйзамдын чегинен чыкпашы керек. Ошондо гана мамлекет оңдолот. Иш козголгондон кийин аягына чыгышы керек", -деди Жээнбеков.
Жээнбеков: Системалык коррупция менен системалуу түрдө күрөшөбүз. Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчаны борбор калаада мектеп курууга жумшайбыз. Ички миграция күчөп, азыр бир класста 60 баладан окуп жатат. Биз мектеп, бала бакча курушубуз керек.
Жээнбеков: "Мегаком" менчикке кетсе, 80 млн. долларды кошо алып кетебиз деген.