Мал киндиктүү Нарында куда тосуу өзгөчө шаан-шөкөт менен коштолот. Келгендер кеминде бир жарым күн сыйланып, алдына 15-20 жолу эт тартылары жаңылык деле эмес. Бирок мындай көрүнүштү тоолуктар ашыкча ысырапкорчулук деп ойлобойт. Кепти аймактагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.
Ысык-Көл дубанында жамандык, жакшылыктагы ысырапкорчулук айрым айылдарда басаңдап бараткандай. Бирок көлдүктөр эл ысырапкорчулукту тыя албасын, атайын мыйзам иштеп чыгуу зарыл экенин айтышат. Асеин Маданбековдун репортажы.
Таласта башка облустарда кезикпеген каада-салттар арбын. Айрыкча маркумду акыркы сапарга узатуу, кыз берүү, келин алуу жөрөлгөлөрү үй ээсин кыйла чыгым кылат. Кабарчыбыз Альбина Сулайманова жергиликтүү тургундардын оюн угуп көрдү.
Ошто аш-той өткөрүү атаандаштыкка айланганын айтышууда. Буга жергиликтүү эл кандай ойдо. Ашыкча чыгымды кантип азайтса болот? Элдин оюн Медербек Ниязалиев тыңдады.
Кыргызстанда ыксыз чыгымдарга каршы чыгып, заманбап көз караштарды карманган жаштар бар. Алар ысырапкорчулукту тыюу идеясын коомчулукка тамаша, кино, ар кандай флешмобдор аркылуу жеткирүү аракетин көрүп келет. Бул темага кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов токтолду.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
-
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. -
Асеин Маданбеков
"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Альбина Сулайманова
"Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Медербек Ниязалиев
"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Зайырбек Ажыматов
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.