Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

АКШ чабармандары Путинден кийин Зеленский менен жолугушары кабарланды


 Владимир Путин
Владимир Путин

Орусия Европа менен согушууну каалабайт, бирок Европа өзү уруш баштаса, өлкө ага даяр. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушуу алдында кабарчыларга жолукканда билдирди.

Анын айтымында, Москва Украинада "хирургиялык ыкма" менен аракеттенип жатат, европалыктар ушундай күнгө туш болоруна ишенбей эле койсун.

Путин Европа сүйлөшүүлөр жараянынан өзү четтегенин айтты.

Axios басылмасы булактарына таянып жазгандай, АКШ президенти Дональд Трамптын чабармандары орус мамлекет башчысы менен кездешүүдөн кийин Европага бет алат, ал жерде украин президенти Владимир Зеленскийге жолугушат жана аны Путин менен сүйлөшүүнүн мазмунунан кабардар кылмакчы.

Америкалык делегацияга Уиткоффтон тышкары Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер кирген.

Вашингтон 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуш кылгандан кийин Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү өз долбоорун чукул иштеп чыгууга киришкен.

Байкоочулар Ак үйдүн планы Орусиянын кызыкчылыгын жактап түзүлгөнүн белгилешет.

Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG