Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Путин Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү буйругуна кол койду


Орусия-Кытай чек арасы
Орусия-Кытай чек арасы

Орусиянын президенти Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү буйругуна кол койду. 1-декабрда күчүнө кирген документ келерки жылдын 14-сентябрына чейин иштейт.

Ага ылайык, турист катары же маданий, илимий, саясий, экономикалык, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген кытай жарандары орус жергесинде 30 күн визасыз жүрө алат. Орусия аркылуу башка өлкөлөргө өткөн кытайлыктарга да визанын кереги жок болмокчу.

Ал эми Орусияга журналисттик ишмердигин аркалоо, билим алуу, туруктуу жашоо үчүн келгендерге, эл аралык жүк ташуу менен алектенгендерге бул буйрук жайылбайт.

Орусиянын Туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Майя Ломидзенин айтымында, визасыз режим киргенден кийин Кытайдан келген туристтердин саны, өзгөчө чек аралаш аймактарда жана Ыраакы Чыгышта кеминде 30 пайызга өсмөкчү.

Быйыл 15-сентябрда Бээжин ушундй эле визасыз режимди Орусиянын жарандары үчүн киргизген.


Шерине

XS
SM
MD
LG