Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Президент Садыр Жапаров бир катар облус башчыларын жана башка кызмат адамдарын алмаштырды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 1-декабрда бир катар кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө жарлыктарды чыгарды. Бул тууралуу маалыматтар мамлекет башчынын сайтына чыкты.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев кызматтан бошотулуп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды. Аталган агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев ноябрда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп кеткен.

Жапаров кол койгон башка жарлыкка ылайык, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Азамат Осмонов дайындалды.

Азамат Осмонов буга чейин президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп иштечү. Осмоновдун бошогон ордуна президент өзүнүн жардамчысы Азамат Апсатаровду бекитти.

Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан алынып, ордуна УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Рустам Мамасадыков коюлду.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов президенттин кеңешчиси кызматына кетип, буга чейин президенттин кеңешчиси болуп жүргөн Арслан Койчиев мамлекеттик катчы болуп дайындалды.

Мунун алдында президент саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевди кызматтан алып, анын милдетин аткарууну УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп келген Каныбек Досмамбетовго тапшырган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG