Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

Саламаттык сактоо министри Чечейбаев кызматтан алынып, милдетин аткаруу УКМК кызматкерине жүктөлдү


Эркин Чечейбаев жана Каныбек Досмамбетов
Эркин Чечейбаев жана Каныбек Досмамбетов

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кызматтан алынып, анын милдетин аткаруучу болуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп келген Каныбек Досмамбетов дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына кабарлады.

"Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Ушул себептен улам буга чейин өзүн реформатор жана мыкты менеджер катары көрсөтө алган Каныбек Досмамбетов министр болуп тандалды. Айрым сынчылар арасында “өзү врач болбосо, кантип саламаттык сактоо министри болот?” деген пикирлер айтылышы мүмкүн. Бирок анын орун басарлары тармакты мыкты түшүнгөн, медицина системасында көп жылдан бери иштеген адистер болот. Ал эми Досмамбетов жетекчи катары саламаттык сактоо тармагында узак убакыттан бери түзүлүп калган коррупциялык схемаларды жоюп, тартип орнотууга негизги басым жасайт", – деп жазды Дайырбек Орунбеков.

Мунун артынан эле Чечейбаевдин кызматтан алынганы жана анын ордуна Досмамбетов милдетин аткаруучу болуп бекилгени тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп быйыл февралда дайындалып, анын талапкерлигин кийин Жогорку Кеңеш жактырган. Ал ага чейин Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда да иштеген.

Каныбек Досмамбетов мурдараак УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында да жетекчи орун басар болгон. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG