Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандар 15 миңден ашты


Сүрөттөгүдөй кызыл тасма СПИДге каршы күрөштүн белгиси катары колдонулат.
Сүрөттөгүдөй кызыл тасма СПИДге каршы күрөштүн белгиси катары колдонулат.

Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны 15298ге жетти. Бул тууралуу Вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун жетекчиси Үмүткан Чокморова “Азаттыкка” билдирди.

Дарыгердин маалыматында, вирус социалдык жактан активдүү жарандар арасында жыныстык жол менен жайылууда.

Вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун маалыматында ВИЧ менен каттоодо тургандардын 14 миңден ашууну Кыргызстандын, 900дөн ашууну чет элдик жарандар. 63% эркектер, 37% аялдар.

ВИЧке чалдыккандар Бишкекте 4126 киши жана Чүй облусунда 3510 бейтап. Андан кийинки орунда Ош шаарында 1476 жана Ош облусунда 2095 адам катталган.

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына чалдыккандарга дары-дармек акысыз берилет.

“Дарылоо, лабораториялык диагностика акысыз. 2016-жылдан тарта бейтаптар үчүн дары мамлекет эсебинен алына баштаган. Жылына бюджеттен 25 млн сом бөлүнөт. Учурда дарынын 80% мамлекет, 20% Глобалдык фонд алып берет. Эл аралык уюм балдардын дарыларын алууга жардам берет”, – деди Үмүткан Чокморова.

Аталган борбордун белгилешинче, ВИЧ-инфекциясы менен каттоодо тургандардын 60% 20-39 жаштагы жарандар.

Вирусту жыныстык жол менен жугузуу акыркы беш жылда 81%дан 91,1%га көбөйгөн. Ооруну маңзаттарды пайдаланып, ийне менен жугузгандардын саны соңку беш жылда 12,6%дан 1,9% төмөндөгөн.

Дүйнөдө 1-декабрь - ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү күнү катары белгиленет. (ST\ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG