Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Трамп Украинадагы согушту токтотууга "жакшы мүмкүнчүлүк бар" деп билдирди


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Флоридадагы сүйлөшүүлөр тууралуу журналисттерге комментарий берип, Украинадагы согушту токтотуу тууралуу келишимге жетүү үчүн "жакшы мүмкүнчүлүк бар" деп айтты.

Трамптын айтымында, Украинада "айрым татаал көйгөйлөр бар". Журналисттердин муну тактаган суроосуна Трамп "согушту токтотууга жолтоо болгон коррупцияга байланышкан кырдаал тууралуу сөз болуп жатат" деген таризде жооп кайтарган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 30-ноябрда Киев менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүнөн кийин Украинадагы согушту токтотуу абдан маанилүү экенин, бирок кайра кол салууга жол бербөө жана коопсуздук да мааниге ээ экенин айткан. Мамлекеттик катчы талкууда талаштуу маселелер бардыгын жана бул маселе Орусиянын позициясынан да көз каранды экенин белгилеген.

The Wall Street Journal басылмасы Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Орусияга 1-декабрда сапар тартарын жазды.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров сүйлөшүүлөр "жемиштүү жана ийгиликтүү өттү" деп баалаган. Анын айтымында, тараптар Украина үчүн маанилүү маселелерди талкуулады, "АКШ анда Киевди колдойт".

Украинанын президенти Владимир Зеленский Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, «анда конструктивдүүлүк бар» деп билдирди.

Жолугушуу Майямидеги Shell Bay гольф-клубунда өттү. Axios басылмасы АКШ Украина менен аймактар жана коопсуздук боюнча пикир келишпестиктерди жайгарууну көздөп жатканын жазган.

The Wall Street Journal билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө шайлоо, аймактарды алмашуу жана коопсуздук кепилдиктери талкууланып, төрт сааттан ашык убакытка созулду.

30-ноябрдагы жолугушууга Америка сүйлөшүүгө президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф жана мамлекеттик катчы Марко Рубио катышты.

АКШ 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуштары менен Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү шашылыш өз сунуштарын иштеп чыгууга киришти.

Анткени серепчилер Ак үйдүн планында көбүрөөк Орусиянын кызыкчылыгы жакталып калгандай деп белгилешет.

Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алган.

Американын 28 пункттан турган планы өткөн аптада маалымат каражаттарына жарыяланып кеткенде украин жетекчилери бейпайга түшкөн. Киевди нес кылып, алтургай Зеленскийдин кыжырын келтиргени маалым болгон. Андан кийин украин делегациясы Рубио жана башка АКШ өкүлдөрү менен Женевада өз алдынча сүйлөшүү өткөргөн.

Маалыматка караганда, Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19 пункттан турган жаңы документ иштелип чыкты. Бирок андагы бир катар маанилүү маселелер али чечилбей турат. Алардын ичинде Донбасстын бир бөлүгүнүн келечеги, Украинанын НАТОго кошулуусу, Киевдин куралдуу күчтөрүнүн ыктымал кыскартуусу сыяктуу курч маселелер турат.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага жөн жерден кол салгандан бери ар кандай эсептер боюнча эки тараптан миллионго жакын адам набыт болду же оор жаракат алды.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG