Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Зеленский АКШ менен сүйлөшүүлөрдө бардык маселе ачык айтылганын, талкуу уланарын айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, «анда конструктивдүүлүк бар» деп билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдө конструктивдүүлүктүн болгону маанилүү, бардык маселелер ачык айтылды, Украинанын эгемендигин жана улуттук кызыкчылыгын камсыздоо багытында дагы», — деп жазды Зеленский соцтармактагы баракчаларында.

Ал жолугушуунун башка деталдарын тактаган жок, иш дагы уланарын белгиледи.

АКШнын Флорида штатында 30-ноябрда Вашингтон менен Киевдин делегациялары жолугуп, согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Америка тараптан сүйлөшүүгө президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер, Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф жана мамлекеттик катчы Марко Рубио катышты.

Рубио бул жолку жолугушуу "абдан жемиштүү" болгонун айтканы менен Украинадагы согушту токтотуу планында дагы тактай турган маселелер бар экенин кошумчалады.

"Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн cоң жана бул жумадагы окуяларга улай дагы бир жемиштүү жыйын өттү. Бирок аткара турган иштер көп", - деди Рубио 30-ноябрда журналисттерге. Бирок эмне иштер экенин так айткан жок.

Мамлекеттик катчы талкууда талаштуу маселелер бардыгын жана бул маселе Орусиянын позициясынан да көз каранды экенин кыйытты.

Ал арада Франциянын бийлиги президент Эммануэл Макрон 1-декабрда Парижде Владимир Зеленский менен жолугарын, алар адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыктын шарттары туралуу сүйлөшөрүн билдирди. Макрон Киевди туруктуу колдогон лидерлердин бири.

АКШ 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуштары менен Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү шашылыш өз сунуштарын иштеп чыгууга киришти.

Анткени серепчилер Ак үйдүн планында көбүрөөк Орусиянын кызыкчылыгы жакталып калгандай деп белгилешет.

Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алган.

Американын 28 пункттан турган планы өткөн аптада маалымат каражаттарына жарыяланып кеткенде украин жетекчилери бейпайга түшкөн. Киевди нес кылып, алтургай Зеленскийдин кыжырын келтиргени маалым болгон. Андан кийин украин делегациясы Рубио жана башка АКШ өкүлдөрү менен Женевада өз алдынча сүйлөшүү өткөргөн.

Маалыматка караганда, Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19 пункттан турган жаңы документ иштелип чыкты. Бирок андагы бир катар маанилүү маселелер али чечилбей турат. Алардын ичинде Донбасстын бир бөлүгүнүн келечеги, Украинанын НАТОго кошулуусу, Киевдин куралдуу күчтөрүнүн ыктымал кыскартуусу сыяктуу курч маселелер турат.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага жөн жерден кол салгандан бери ар кандай эсептер боюнча эки тараптан миллионго жакын адам набыт болду же оор жаракат алды.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG