Ички иштер министрлиги социалдык тармактарга тараган шайлоого байланыштуу тизме боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов 30-ноябрда билдирди.
“Бул фейк маалымат. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Жарандарды туура эмес маалыматтарды таратпоого жана мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз”, - деди Макилов.
Буга чейин социалдык тармактарга “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы” делген тизме тарап, анда ар бир округ боюнча “жеңди” делген үч талапкердин ысымы жазылган.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.
Шерине